www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Бейиш жер” тапсаңар айтып койгула?

Эл тарабынан шайланган ажо эч убакта ичиндегисин өз  калкынан жашырбайт. Эки күн мурда президентибиз Алмаз Атамбаев  көкүрөгүндө тынчтык бербеген  сөзүн коомчулукка шардана кылды.  Кыргызстанга кара санап, душмандык кылып чет өлкөдөн баш маанек алам дегендердин терисин сыйрыган  кебин айтты.  Кимде-ким кетем деген санаасы бар болсо чогулгула, каалаган жериңерге самолет менен жеткирип коелу.  Бизге  мекенине кастык кылгысы келгендердин кереги жок.

Ушундай ачуу айтылган сєз айрымдардын тилине күч келтирди. Ошондуктан –“Ажобуз дагы шакардай кайнап кетти. Демократияга, сөз эркиндигине шек келтирди. Биз  эми кантип бугубузду чыгарабыз”- дегендер күйүтккө баткандай түр көрсөтүштү.  Деги биздегидей ээн ооздук каерде бар? Эгер ошондой “бейиш жер” тапсаңар айтып койгулачы, бай болгурлар!

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости