www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Хамед Хасан билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анын билдиришинче бүгүн, 7-августта жарылуудан жаракат алган дагы 5 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 154кө жеткен. Ооруканаларда өтө оор абалда 120 бейтап бар экендигин кошумчалаган.

Издөө жана куткаруу иштери жарылуу орун алган портто жана талкаланган райондордо улантылууда.

Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости