www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеакмат Урмамбетов касиеттүү Кара-Ой айылынын кулуну. 1953-жылы киндик каны тамган. Жаштайынан ар нерсеге ынтызар өсүп, обон созгонду, ырдаганды жанындай сүйчү. Эс тартып аркы-беркини түшүнө баштаганда мектепке барды. Андагы окууну тез өздөштүрүп, он жылдыкты ийгиликтүү аяктап, мурда эле техниканы  барктап-сүйүп, анын сырларын билүү максатындаФрунзедеги авто-жол техникумунан билим алат. Балыкчы (мурдагы Рыбачье) шаарындагы «Автовненштранс» бөлүмүнөн эмгек жолун 1987-жылдан баштап, 1995-жылга чейин үзүрлүү  эмгектенет.  Кезегинде Нарын-Торугарт автотрассасында көзөмөл постунда  өрнөктүү кызмат  өтөгөн. Ошондо айдоочулардын кадыр-баркы өскөн. Айдоочулук кесипти аркалап жүрүп, поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирет, анын даамын татып, ар кандай ырларын областтык, райондук гезиттерге берип турат.

Учурда татыктуу эс алууда. үч кыздын, эки уулдун  сүйүктүү атасы. Кара-Ой айылынын тургуну. Биз ыр кесип тандабаганын эске алып, Бейшеакмат Урмамбетовдун мурда, кийин жазган ырларын назарыъыздарга коюууну чечтик.

ЧЫНДЫК

Күн нурун мелтилдете кармап алып,

Кир кылбай мүнөзүмдү жүрдүм сактап.

Жашоонун сунулган курч балтасына,

«Жаштык» деген денемди бекем саптап.

 

Алпурушуп, өзүмдү-өзүм таптап,

Көзкөргүс тоскоолдорду өттүм аттап.

Кайдан келди карайлап көрбөй калдым,

Айланамды кара мүртөз түтүн каптап.

 

Көрбөй калсам, досумду, сүйгөнүмдү

Колум жетпейт, сураба күйгөнүмдү.

Эрдимди бекем тиштеп мен ошондо,

Эми билдим сокур жашап жүргөнүмдү.

 

Жым-жырттыгын пайдаланып кышкы кечтин,

Чечилбеген акыры түйүн чечтим.

Делебемди азгырма күч ээлеп алып,

Жарык дүйнө жашоонун баарын кечтим.

 

Өңү  суук кайырмак, жибин илдим,

Алкымына ажалдын шашып кирдим.

Жашоо баркын ачык-айын билбей жүрүп,

Өз башыма келгенде ачык билдим.

 

Тагдыр мага бир  үзүм жарык берген,

Ээрчишип коштошууга ырлар келген.

Ыза туткунунда калган башым,

Күнөөлүдөй уялгансып карайт жерден.

 Б.УРМАМБЕТОВ

Ысык-Көл облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости