www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--“Мындан туура 15 жыл илгери, ушул күнү, кыргыздын намыс талашкан баатыры, Раатбек Санатбаев көркоолордун колунан мертинип ажал тапкан. Жырткыч наадандар, мыкты адамды эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн намысын, туусун кошо кулатканын билишпесе да керек. Ыйманың саламат, жаның бейиштик болсун досум, бүгүн жума күнү Раатбек Калыбек уулуна багыштап куран түшүрүп, жума намазыңызда үй бүлөсүнө, кыз-уулдарына амандык, бак-таалай тилеп дуба кылып койсоңуздар, өтүнүч. Баатырыбыздын башка кылаар жакшылык колубуздан келбейт, мыктыларды тирүүсүндө баалайлы достор. Өз баатырын коргой албаган эл, өзгөлөрдүн кордоосунда болот”, - деп эскерди ырчы.
Эске сала кетсек, Раатбек Санатбаевди 2006-жылы 8-январь күнү кечинде Бишкекте атып кетишкен. Кол салуу учурунда агасы Орунбек Санатбаев спортчунун жанында болгон. Спортчуга кол салган адамдар экөө болгон. Алардын бири 37 жаштагы Раатбек Санатбаевге ок чыгарганда, ок анын артына тийген. Жаракат өлүмгө алып келген. Аны Улуттук хирургиялык борборуна алып бара жатканда, ооруканага жетпей көз жумган.
Раатбек Санатбаев - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси. Сиднейдеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүп жүрүү ага тапшырылган.
Акыркы жылдары Раатбек Санатбаев Олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуп иштеп, Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президентинин кызмат ордуна талапкерлердин бири болгон.
Маалымдама:
Санатбаев Раатбек Калыбекович 1969-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктаган. Санатбаевдин спорттук карьерасы 1984-жылы Юрмала шаарында өткөн Бүткүл Союздук мелдешке катышып, өз салмак категориясында биринчи орунду ээлөөдөн башталган. Санатбаев Кыргыз Республикасынын грек-рим стилиндеги мыкты балбаны деп табылып, өлкөнүн Эмгек сиңирген спорт чебери наамын алган. Анын негизги ийгиликтери Сиднейдеги Олимпиада оюндарындагы коло медалды жеңиши болгон. Ал эми Азия биринчилигинде Санатбаев эки жолу абсолюттук жеңүүчү деп табылган. Спорттогу жетишкендиктери үчүн Раатбек Санатбаев Улуттук олимпиада комитетинин ордени жана "Даңк" медалы менен сыйланган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg