www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мындан ары бүт дүйнө эли бийликтен мыйзамдуулукту, чындыкты, ачык айкындыкты талап кылат», - деди бүгүн, 11-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.

- Бейшенбек ага, айрымдар аналитиктер  президенттин ЖККУнун кезексиз жыйынына катышпай, кыска убакытка эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин көптөр оң баалап жатышат. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Президенттин ЖККУнун кезексиз жыйынына катышпай койгону чыны менен туура болду. Казакстанда кырдаал калыпка түшө  баштаганда, Казакстандын расмий бийлиги тараптан, Кыргызстанга  орунсуз айыптоолор айтылды.

Тагыраагы, билип, билбей орунсуз маалыматтары менен эки элдин достугуна, боордоштугуна сокку урушту. Боору ооруганды боорго тепкен саясатта кыргыздын бийлиги менен эли бир позицияда болду.

Президент Жапаров ЖККУнун онлайн чогулушуна да катышпай кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Президенттин бул кадамы абдан туура болду. Эми Казакстан биз 30 жылда басып өткөндү алар эми башынан өткөрөт.

Буюрса, дүйнө эли өсүп өнүгүп, көзү ачылып, түшүнүп калды. Мындан ары бүт дүйнө эли бийликтен адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту, чындыкты, ачык айкындыкты талап кылат. Коррупция, олигархия, диктатурага жол бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости