www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарындагы пиццерияны аскердик формачан адамдар тоноп жатканда тартылган видеотасма тарап, талкууга алынып жатат. Шаарда башаламандык учурунда бул объект да октон жабыркаган болчу.
Додо пиццу вынесли военные в Алматы ору pic.twitter.com/TedseMIOJx
— Kemel-Zhomartovich Spaghetti 🇵🇼🇰🇬 (@mamspaghetti2) January 11, 2022
Пиццериянын жетекчисинин айтымында, түн ичинде уюлдук телефондун кол чырагын күйгүзүп, аскер кызматкерлеринин формасын кийген адамдар муздаткычтагы тамак-ашты алып кетишкен. Ошондой эле кассадагы акча каражатын кошо алышкан.
«4-январда — акыркы күнү түнгө чейин иштедик. 5-январга карган түнү аянтта ок атылып, граната жарылып, башаламандык болгон. 7-8-январда биз жумушка жете алган жокпуз. 9-январда пиццерияга келип, талкаланганын көрдүк. Видеокамераны карасак, 7-январда ок атылып, кол салуу болуптур», - деди тамактануучу жайдын өкүлү.
Булак: NazarNews.kg