www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр биз бийликти күч менен басып алууну эмес, мамлекетти сактап калууну ойлой турган жердебиз», - деди бүгүн, 20-январда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек-ага, 2010-жылдагы кандуу коогалаң боюнча кылмыш иши козгоп, улам бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүн суракка албай эле, жашоону жаңы барактан баштасак болбойт беле?

- Ар ким кылган иши үчүн эртеби, кечпи жооп бериши керек. Кандуу коогалаңда 500 жаран каза болду. Жарадар жана өлүү тирүүсү табылбай калган жарандар да болду. Бирок, ошондой болсо да, ошол кездеги эл башкаруучулардын бири да жооп берген жок.

Тагыраагы, ошончо киши каза болсо да, ит өлгөндөй болгон жок. Айтайын дегеним, 2-3 жыл мурда Бишкектин жашоочусу кошунасынын итин өтүрүп койгону үчүн соттолгон. 500 жарандын каза болгону бир итчелик болгон жок. Ошон үчүн ал окуяга баа берилиши керек. Ал каргашалуу окуяны көз жаздымда калтырып, жашоону жаңы барактан баштаганга болбойт.

- 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоо Убактылуу Өкмөттүн оозун жабуу аракетиби же бийликтин эл алдындагы убадасын аткарганыбы?

- Бул өч алуу же Убактылуу Өкмөттүн оозун жабуу эмес. Элдин канын төккөндөрдү жазалоо келечектеги бийликке келе тургандарга сабак болушу керек. Төңкөрүш менен бийликке келем дегендерге да сокку болушу керек.

Азыр биз бийликти күч менен басып алууну эмес, мамлекетти сактап калууну ойлой турган жердебиз. Үч төкңкөрүштөн киийн Кыргызстанга тажикстан кол салды. Эми бир төңкөрүш кылсак, Чукчалар деле басып ала турган болуп калат. Ошон үчүн баарыбыз мамлекетибиздин кубаттуу болушунуа, стабилдүүлүккө шек келтирбегенге аракет кылышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости