www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин буга чейинки бир катар жарлыктары күчүн жоготту

Президенттин буга чейинки бир катар жарлыктары күчүн жоготту

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
20.01.2022, 15:26
17815
|

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын тиешеси жок же мыйзам актыларынын жоболоруна карама-каршы келген бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп таанылат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 269 тескемеси күчүн жоготту деп таанылат.

Бул чаралар бюрократизмден арылуу жана тез арада чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылган кайталанган, эскирген ченемдик укуктук актыларды аныктоо үчүн ченемдик укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынган.

Мындан тышкары, бул Жарлыкка жана тескемеге кол коюу Кыргызстанда бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями