www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы тынчтык митингин колдонуп кетүүгө бийликти күч менен басып алууга кызыкдар болгон тараптар аракет кылган. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө жана коопсуздугуна бир топ коркунуч жаралган.

"Социалдык-экономикалык мүнөздөгү нааразычылык акцияларын бийликти күч менен басып алууну каалаган тараптар колдонуп кетүүгө жан үрөдү. Алар өлкө ичиндеги саясий абалды курчутууга аракет кылышты", — деди дипломат.

Сыромолотовдун жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянып айткандарына караганда, "башаламандыкка чет элдиктер жана башка өлкөлөрдө атайын даярдыктан өтүп келген согушкерлер катышкан". Ошондой эле ал бир канча багытта иш алып барган бандиттик топтордун негизги максаты мамлекеттик төңкөрүш болгонун билдирди.

Мындан тышкары, ТИМ өкүлү Казакстандагы башаламандык учурунда ЖККУнун тынчтык орнотуучулук миссиясы эл аралык террордук топторго каршы туруу боюнча эффективдүүлүгүн көрсөтө алганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости