www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Эң негизгиси - “Кумтөрдү” эл аралык соттон жеңип алсак элибиз ыраазы болот эле”, - деди бүгүн, 9-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдразаков.
- Бейшенбек Абдразакович, октябрь революциясына билинбей эле бир жыл болуптур. Сиз бир жыл аралыгында эмне өзгөргөнүн байкай алдыңыз?
- Октяюрь революциясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун бир жылдын көп убактысы мамлекетти турукташтырууга, мыйзамдаштырууга, баш мыйзамды кабыл алууга, башка баардык мыйзамдарды баш мыйзамга шайкеш келтирүүгө, жергиликтүү шайлоо өткөрүүгө кетти. ЖК али шайлана элек, жаңы туруктуу өкмөт келе Элек.
Текучка маселелерИ менен бийлик алек болуп жатат. Чоң келечектүү, стратегиялык орчундУу маселелер менен алек болгонго убакыт да аз болуп, каржы да, саясый кырдаал да жол берген жок.
Анысы аз келгенсип тажик согушу, COVID, кымбатчылык, кургакчылык, азык-түлүк проблемасы, андан тышкар, кошумча “Талибан” проблемасы да пайда болду.
Бирок бир жылда элге айткан президенттик башкарууга барабыз, баш мыйзамды жаңы кабыл алабыз, жаңы шайлоо кылабыз, “Кумтөрдү” элге кайтарабыз деп айткандарын аткарып жатат.
Эми эң негизгиси “Кумтөрдү” эл аралык соттон жеңип алсак, 28-ноябрда боло турган шайлоону мыйзамдуу, тынч, адилет өткөрүп алып, жаңы ЖК келип, мыйзамдуу иштесе, жаны өкмөттү бекитсе конституциялык, мыйзамдуу жолго түшүп, өнүккөн өлкөгө айлансак элибиз ыраазы болот эле.
Булак: NazarNews.kg