www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-сентябрда Балыкчы-Барскоон участкасында асфальтбетон төшөө иштери башталган. Буга чейин жолду кеңейтишкен болчу, андан сырткары оңдоп түзөө иштерин жол-курулуш ата мекендик компаниясы ишке ашырган.

"Кыргыз Жол курулуш" ЖЧК компаниясы 0,4 км жолду куруп баштаган. Бул жерде асфальт төшөөгө немец технологиясынын акыркы үлгүсү колдонулду. Анын эмгек өндүрүмдүүлүгү саатына 1100 тонна. Жолдун эндүүлүгү 8,80 метр болот.

Ал эки тараптуу кыймылга эки тасмадан турат. Мындай технология өтө жогорку сапатта болуп талапка жооп берет. Ошондой бул участкадан 5 км аралыкта эки майдалоочу жабдуу орнотулуп ишке киргизилди. Ал инерттүү материалдар менен 1000 тоннага чейин камсыз кыла алат.

Бул жабдуу көрсөтүлгөн мөөнөттө жумушту бүтүрүүгө шарт түзөт. Экскаваторлор иштеген карьерден керектүү кум шагылдарды жүк ташуучу унаалар жеткирип турат. Темир бетон аралашмасынан жасалуучу нерселер тургузулуп, арыктар орнотулууда. Аба ырайы жакшы болуп турса, быйыл 15 км жолду пайдаланууга беришет.

Белгилүү болгондой, бул долбоор Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жатат. Долбоорду "Кыргызалтын" ААК каржылап жатат. Баштапкы этабында жол оңдоого 25 км пландалган, ал эми жолдун жалпы узундугу 141,6 км. Жол төрт тасмалуу болуп кашаа менен бөлүнүп коюлат. Асфальттын бетиндеги катмарга шагыл - мастика асфальтбетон колдонулат. Белгилей кетели, Балыкчы - Барскоон автожолунда акыркы 50 жылдан бери оңдоп түзөө болгон эмес.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу жол курулуш иштерине атамекендик компания башкы подрядчик болуп жатат. Акыркы 30 жылда жергиликтүү компаниялар бир ири долбоорго катыша элек болчу.

Жолду кеңейтип куруу иштерине, ошондой эле 0+000 км - 23+200 км асфальтбетон курулушуна "Кыргызжолкурулуш",  ЖЧК "ЧУ ПРОКСИ", ЖЧК "РЮЗ", ЖАК "Жолчу", ЖЧК "Мостдорстрой", ЖЧК "Трансстройдорсервиз", ЖЧК "Билдингменеджер", ЖЧК "Сармат" жана ЖЧК "Дос Инженеринг.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости