www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин ажырашканыбызга жыл аяктады. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрүп, кол үзө албай, ата-энелерибизден жашынып, жолугушуп жүрөбүз.

Ата-энелерибиздин ортосунда бет карашкыс болчудай жаңжал чыккан. Баягы эле дүнүйөнүн айынан. Анын да, менин да ата-энем биздин никебизге, кайрадан жарашуубузга караманча каршы.

А биз биротоло кол үзүшө албай, же башкага көңүл чаппай, жаштыгыбыз учуп баратат... Аны таптакыр унута алчудай эмесмин. Кандай кадамга барам? Бассам-турсам ойлоном.

Мен ансыз жашай албайм. Жашоо ушундай кызык экен. Айрымдардын ата-энеси жараштыра албай, айрымдардыкы ажыраштыра албай убара. Биз азап тартып келебиз... Жашоо, сүйүү зарын тартып дагы канчага жүрөм?

Булак: Азия News гезити

Последние новости