www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын чалгын коомчулугу америкалык мамлекеттик кызматкерлерде эмне үчүн "Гавана синдрому" пайда болгондугун аныктай алган жок. Бирок бул жаатта масштабдуу иштер улантылып жаткандыгын РИА Новости Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псакинин айтканына таянып билдирди.

"Маалымат булагын тактай элекпиз, бирок мындай ар бир окуяга өтө олуттуу карап жатабыз. Улуттук коопсуздук боюнча биздин команда баа берип, ар бир окуяны карап чыгууда колдо болгон ресурсту жумшоого умтулабыз", — деген Псаки брифингде.

Ал "Гавана синдрому" боюнча мурда демилге көтөрүлүп, андан соң башталган масштабдуу иликтөө АКШнын атайын кызматтарынын катышуусу менен уланарын тастыктаган.

Буга чейин АКШ президенти Джозеф Байден "Гавана синдромунан" жапа чеккен америкалык аскер жана мамлекеттик кызматкерлерге жардам көрсөтө турган мыйзамга кол койгон. Документте Американын өзүндө же чет жакта кызматтык милдетин аткарып жүрүп "мээси жабыркагандарга" акча төлөп берүү айтылган. Канча берилери тууралуу так жазылган эмес.

"Гавана синдрому" америкалык дипломаттарда 2016-2017-жылдары Кубада, 2018-жылы Кытайда байкалган. Дипломаттар белгисиз, кандайдыр бир үн белгилеринин таасирине кабылып, алардын саламаттыгына зыян келген. Америкадагы ЖМКларда бул боюнча Орусиянын күнөөлөгөн, "акустикалык чабуулдар" туурасында айтылып да келген. Россиянын ТИМи мындай нерселерди "болбогон сандырак кеп жана түшүнүксүз, негизсиз жалаа" деп атаган.

"Гавана синдромуна" окшогон учурлар америкалык Африкадагы, Тажикстандагы жана Москвадагы өкүлчүлүктөрдө да катталган. Элге белгилүү болгон соңку окуялардын бири ЦРУнун директору Билл Бернстин жакында Индияга барган командасында да кездешкен. Жалпысынан алганда ЦРУнун башчысынын маалыматтарына таянсак, болгон-бүткөн бул окуяларда америкалык дипломаттар, чалгынчылар, аскерлер жабыр тарткан.

CNN телеканалы алардын арасында ЦРУнун жүздөгөн кызматкери да болгонун кабарлаган. Быйыл АКШнын чалгын кызматынын "чабуулдардын" соккусунан келип чыккан синдром боюнча иликтөөсүн аяктаары күтүлүп жатат. Анткен менен маалымат булактарга таянсак, иштин мөөнөтүнө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал эми коомчулукка докладды жарыялоо планы азырынча жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости