www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Кафедеги жаңжалга Ташиевдин тиешеси жок

Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинде чыккан чыр боюнча УКМК маалымат таратты. Бүгүн, 9-октябрдагы расмий билдирүүдө:

«18-августка караган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Достук» кафесинде официанттын денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен адамдар УКМКнын төрагасына туугандык байланышы бар экени тууралуу жалган маалыматтар жарыяланды.

Бул жаңжалды уюштурган адам УКМКнын төрагасы К.К.Ташиевдин тууганы эмес жана ага эч кандай тиешеси жок. УКМК төрагасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо үчүн жергиликтүү ички иштер органдарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды», - деп айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости