www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баш мыйзамга гейлердин квотасы, партиясы ачылат деп жазсак алар Баш мыйзамды сындамак турсун колдомок», - деди бүгүн, 9-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек мырза, талкууга коюлган конституцияда жээрий турган кооптуу алешемдиктер барбы? Эмне эле референдумга катышпагыла, жаңы конституцияны колдоп добуш бербегиле дегендер чыга баштады?

- Дүйнө жүзүндө идеалдуу баш мыйзам жок. 30 жылда Кыргызстан президенттик да, парламенттик да, бир мандаттуу, эки палаталуу, көп партиялуусун да, бир партиясын да көрдүк. Баарын эксперимент кылып чыктык. Дүйнөдө ар кандай башкаруу менен эле өсүп өнүп жаткан мамлекеттер бар. Мисалы: Кытай. Бир партия  менен эле 1,5 млрд элин, дүйнөдөгү 7 млрд. элди да багып жатат. Биз да туура жолду тандап, жакшы жолго багыт ала турган мезгил келди.

- Бирок, ага карабай эле бир ууч саясатчылар Венециялык комиссиянын корутундусун бетине кармап, туура эмес жолго багыт алдык деп жатышат го?

- Негизи Баш мыйзам 10-жолу жазылып жатат. Улам жакшырып бара жатат. Өзгөчө адам, аял укугу боюнча башка мамлекеттер бизден үлгү алса болот. Аял затын, энени сыйлаганды кыргыздан үйрөнсүн. Батышы дагы, арабы дагы. Аял менен эркек кылымдардан бери эриш-аркак бирге өмүр сүрүп келген, аялдар керек болсо колуна курал алып, элин, жерин эркектер менен тең коргоп келген. Кыз төркүнүнө келгенде жумуш кылдырбай төргө отургузуп коноктойт. Кызы төрөгөндө 40 күн энеси баласын багып, кыздын колун муздак сууга тийгизген эмес. Оор көтөрткөн эмес. Кээ бир араб мамлекеттеринде аялдарга эми шайлоого добуш бергенге, машина айдаганга уруксат берип жатат. Ошон үчүн энени сыйлаганды бизден үйрөнсүн батыш элдери.

Венециялык комиссиянын оюн түшүнүп турам. Аларга баш мыйзамга гейлерге ачык чыгышына уруксат берели. Аял менен аял үйлөнгөнгө, эркек менен эркек баш кошконго  шарт түзөлү деген аракетти көрүп жатышат. Баш мыйзамга гейлердин квотасы, партиясы ачылат деп жазсак алар Баш мыйзамды сындамак турсун колдомок. Кыргыздар демократия жолуна түштү, өсүп өнүгө баштады деп дүйнөгө жар салмак. 30 жылда баарын талкалап жалгыз улуттук, адамдык, үй-бүлөөлүк баалуулуктар калды эле, эми ошону жок кылып алар Кыргызды жакынкы 30 жылда маңкурт кылууну көздөп жатышат.

- Жаңы Баш мыйзам жаңы жашоонун башаты боло алабы?

- Эгер бийликтегилер 30 жылдагы кетирген каталарды кетирбесе, мурунку бийликтегилерден сабак алса, коррупционерлерден арылса, караларды ордуна койсо, эл үчүн ак кызмат кылса, жаңы Баш мыйзам жаңы жашоонун башаты боло алат.

- Жаңы Баш мыйзам референдумда колдоо табабы?

- Кудай буюрса, референдумда колдоо табат. Эл деле 30 жылдык жакырчылыктан, жумушсуздук, миграциядан тажады. Эл да адамча жашагысы келет. Тынчтыкта, ынтымакта, бакубат турмушта, өсүп өнгөн мамлекетте жашагысы келет.

- Баса, Камчыбек Ташиевдин чек араны чечем деген аракети тажиктерге жакпай экс-тышкы иштер министри айбат көрсөтүүгө аракет кыла баштадыбы?

- Чынында чек ара маселесине өтө кылдат мамиле кылыш керек. Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министринин айткан сөзү эки мамлекеттин дипломатиялык мамилесине туура келбейт. Ал өз элине жакшы көрүнүп, депутаттыкка коёюн, саясий дивидент алайын десе керек. Бирок, эки элдин ортосуна от жакпашы шарт. Мындай сөздөрдү сүйлөп,  от менен ойногон болбойт. Буларга Тажикстандагы 1990-жылдардын башындагы граждандык согуш сабак болуш керек эле. Эгер ошол согушта кыргыз мамлекети ортого түшүп, ынтымакты орнотпогондо 30 жылдан бери согуш токтобой, Тажикстан Ооганстанга кошулуп жок болуп кетмек. Ошон үчүн адыраңдабай чек ара маселесине өтө кылдат мамиле кылышы, сактанып сүйлөшү керек. Кыскасы, чек ара маселесин эки элдин достугун, ынтымагын жана урмат-сыйды эске алып, жер алмашуу жолу менен гана чечиш аба менен суудай зарыл. Тагыраагы, Азербайжан менен Армениядагы чек ара маселесинен каза болгон 6 миң адамдын тагдыры сабак болушу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости