www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жекшемби 11-апрель күнү өтчү конституциялык референдум буюрса колдоо таба турган болсо, бийликтин эки тизгин, бир чылбыры толугу менен президенттин колуна өтүп, өкмөттүн ролу нөлгө түшөт. Өзү айтмакчы, Улукбек Марипов ошону менен Кыргызстандын акыркы премьер-министри болуп калат. Январда анын талапкерлиги көрсөтүлгөндө, элдин көпчүлүгү гана эмес, элита деле жылуу кабыл алган. Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна ишенимдүү жооп берген.
«Доктур-депутаттын баласы «деп Атамбаевдин жанында жеке жардамчысы болуп жүрүп, акыркы беш жыл эсеп палатасын жетектегенине баа берип, мол тажрыйба топтоп, өкмөттү жетектеп кетүүгө тапталып калганына үмүт кылганбыз. Бирок, тилекке каршы, Асамидин уулу Улукбек али жетише элек экенине коомдук пикир түзүлдү. Анын жеке мүнөзү жана алган билими мамлекетти ийгиликтүү тартып кетүүгө жетишсиз экени анык болуп калды. Компетенттүүлүгү мурда эле күмөн жаратчу эле, азыр ачык эле көрүнүп калды.
Өткөндө Ноокатка барып, таштандыны үч саатта чыгарганына сүйүнүп Facebookта пост жазганынын эле айтсак жетиштүү. «Бул жаш баланы премьмерликке көрсөтүп, өзү көшөгөнүн артында өкмөттү жетектеп алды» деп иш бөлмөсүн премьер-министрдин жанына жайгаштырып, бардык суроолорду чечип жаткан.
Арзыбек Буркановго өкмөттөгү аппарат кызматкерлери гана эмес, жалпы бийлик органдары нааразы. Ошондо Марипов Буркановдун барымтасында калдыбы? Улукбек Марипов жаңы кызматка бекитилип жатканда Садыр Жапаров менен жакшы сүйлөшүп, ага беш жыл бою орун басар болоорун айтып мактанган.
Президент ал күндөрү биз сыяктуу эле Мариповдун мол тажырыйба баскан жолунан үмүт кылып, жагымдуу келбети жана узун боюна алданса керек. Бирок, бул балакай Садыр Жапаровго жөлөк боло албайт. Президент өзүнө чыныгы эр жүрөк, билерман, көрөгөч, мыкты жаш жетекчилерди тартыш керек.
Булак: Азия News гезити