www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин мыйзамга сыйбаган жоругу жөнүндө жазсак, «карга баласын аппагым дейт» дегендей болуп, гүленчилер ага чаң жугузбай актап-макташты. Бирок адамдын ким экени ушундай кырдаалда сыналат эмеспи.

Октябрь окуяларынан кийинки кыйын кырдаалда атайын ишеним көрсөтүп, Садыр Жапаров өзү министр кылып дайындап, андан кийинки жаңы өкмөттүн курамына да киргизип, иштесин деп ишеним көрсөтсө, ага карабай министр А. Бейшеналиев «ЮНЕСКОго кетет элем» деп жашыруун арыз жазганы туура эмес болгонун, процедура бузулганын тышкы иштер министрлиги тастыктап берди го! Эгер Алмаз Бейшеналиев оңдой берди болуп, ошол эл аралык уюмга өтүп кетсе, Кыргызстанды «кайдан көрдүм кара эшек» деп эле таштап, артына кылчайбай кете бермек...

Гүленчилердин аркасы менен бирде Германияга, бирде Америкага чапкылап көнүп калган эргул ошол адатын карматып, Францияга «зуу» коюп кетүүнү самаган турбайбы. Балким, ал гүленчилердин тапшырмасы менен арыз бергендир.

Себеби, ошолорго кызмат кылат эмеспи? Ал буга чейин жалаң популизм менен алек болуп, билим берүү саясатын оң жүргүзө алган жок. Эми болсо 2030-жылга чейин деп ар кайсы жерден көчүрүлгөн концепциясын сунуш кылып жатат. Сыягы, А. Бейшеналиевдин эси-дартынын баары Парижде болуп, министрликтин иши менен деле жакшы тааныша элек окшойт.

Болбосо, Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 40 жылга түзүлгөн концепция иштеп жаткан да. Аны эмне кылды? Жокко чыгардыбы? Эмне үчүн иштеп жаткан концепциядан баш тартып жатканы белгисиз. Эми ушундай ишинин баш-аягы жок популист министрге бир өлкөнүн билим берүү тармагын ишенүүгө болобу? Биз ал жаңы дайындалганда эле «министр Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүүсүн аңга түшүрөт» деп жазганбыз. Ошого жакын калды окшойт…

Булак: Азия News гезити

Последние новости