www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кайра-кайра кайталанган 3 жолку төңкөрүштөн бийлик сабак алган жок", - деди бүгүн, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек мырза, эгемендикке ээ болгон 30 жылда үч революция кылыптырбыз. Революция жасаган эрдикпи?

- Туура, жалпысынан айтканда 30 жылдын ичинде 3 революция кылдык. 2005, 2010,2020–жылдары революция болду деп, өзүбүздү өзүбүз жеңип, Гитлерди жеңгендей Ак үйгө желек сайып, революционерлерге орден, медаль тагып, миллион сомдон берип, баатыр кылдык. Бирок, тажиктер келип жерибизди, элибизди басканда бир да баатыр жок болуп чыкты. Кыргызча айтканда "Үйдө баатыр, жоодо жок" болуп бүт дүйнөгө уят болдук. Дагы төңкөрүш жасасак, тажиктер эмес ,ЧУКЧАлар деле басып алат. Кайра-кайра кайталанган 3 жолку төңкөрүштөн бийлик сабак алган жок. Эч ким камалган жок, жоопко тартылган жок. Ошон үчүн революция 3 жолу кайталанды. Жоопко тартылуунун ордуна баары бийлик, байлык, кызмат алып өз жашоо шарттарын жакшыртты. Бийликке келгендер байыды, эл жакырланды. Убакыт келгенде баары жоопко тартылыш керек. Антпесе кайталана берет.

- Эмнеге кайталана берет?

- Анткени, Кыргызстандагы бийликти алмаштырууга ашыккан кызыктар саясый күчтөр бар. Алар чет жактагы чоң мамлекеттер, алардын максатын ишке ашырган каралар, радикалдарбар. Ошолор эле  кайра-кайра кайталай берет. Тагыраагы, саясатчылар "ДЕКРЕТ" чыгарып бийликти алат, КАРАЛАР кеткендерден алат, бийликке келгендер кызмат сатып бизнес кылат. Кыскасы, ар кимдин өз кызыкчылыгы болуп кайра, кайра кайталана берет! Эгер эсибизге келбесек  мамлекеттүүлүк жоголот. Революция - жакырчылыкка, жакырчылык - революцияга алып келет. Ошон үчүн акылга келип, жеке кызыкчылыктан, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшубуз керек.\

Булак: NazarNews.kg

Последние новости