www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жасалма диплому барлардын баарынын мандатын алып, кызматтан четтетиш керек”, - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.
- Мандат берип, ант бергенден кийин БШК кайра диплому жасалма деген негизде мандатын тартып алды. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
- Бардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Кыргыз Республикасында кимдин диплому жасалма болсо, баарынын мандатын алыш керек. Ошондой эле жооптуу кызматтарды аркалагандардын да диплому күмөн саноону жаратса, текшерип, кызматынан четтетиш керек.
Анткени, жасалма диплом кылмыш. Бирок, бул саясатты оппозициялык багыттагы көз караштагы депутаттарга гана колдонбой, күмөн жараткан депутаттардын баарыныкын текшериш керек.
Айтайын дегеним, 1991-жылдан кийин диплом алгандардын көбү күмөн саноону жаратат. Чындап окугандары аз. Анткени, өздөрү чет элде жүрөт, дипломду Кыргызстандан алышат. Ошон үчүн бийлик дипломду иликтеген саясатты бардыгына бирдей колдонуп, мыйзам чегинде иш кылышы керек! 30 жылдык басып өткөн тарых, 3 төңкөрүш баарыбызга сабак болушу керек. Алсыратуу үчүн оппозицияга эле басым коё бербеш керек.
Булак: NazarNews.kg