www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон Эмил Токтошев ойт берип, алты жылдык жакшылыкты унутуп, Өмүрбек Текебаевди сатып кеткендей мамиле кылган. Адахан Мадумаровдун “үйүрүнө” кошулуп. Учурда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болуп отурат. Ичтен билгендердин айтымына караганда, Токтошевдин томуктай жүрөгү болкулдап, бийликтен кыйла коркуп отурган чагыбы?

Мадумаровду, башка депутаттарды суракка чакырган сайын “зырпылдап”, “бизнесимди текшербесе, салыктарды санабаса” деп заманасы куурулуп жатабы? “Касапчыга мал кайгы” дейт. Мандат кумары үчүн кечээги тилектештеринин башын аттап, радикалдуу “Бүтүн Кыргызстандан” депутат болгонуна санааркап, ичкени ирим, жегени желимге айландыбы?

Ошон үчүн тымпыйып, лидери Адахандын саясатын же колдобой, же коргобой, көзүн сүзүп отургандай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости