www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кардиолог, медицина илимдеринин кандидаты менен маек.

- “Омикрон” штаммы тууралуу сиз кандай пикирдесиз? Коронавирустан айырмачылыктары барбы?

- “Омикрон” штаммы (SARS-Cov-2 Omicron, B.I. I. 529) – бул коронавирустун мутацияга (өзгөрүүгө) кабылган түрү болуп эсептелет. Айырмачылыгы: коронавируска караганда 4-5 эсеге тез жугат. Ал эми оорунун күчүнө токтолсок, вирустун жеңил формасы. Тез жугуштуу болгондуктан бул вирус менен көпчүлүк адамдар ооруп, саламаттык сактоо тармактарына кыйынчылык туудурат.

- Өзгөчө айырмаланган кандай белгилерге ээ?

- Симптомдору сезондук грипп оорусуна окшош: дене табың көтөрүлүп, баш ооруйт. Тамак кычышып, кургак жөтөл пайда болот, көкүрөк ооруйт, жүрөк ылдам сого баштайт (1 мүнөттө 110-120га чейин), алың кетет. Бирок, вирус жеңил формада болгондуктан, бейтаптар үй шартында 2-3 күн дарылануусу сунушталат.

Дарылардан: парацетамол же ибупрофен, антигриппин, аспирин таблеткаларын колдонуу жетиштүү. Эгерде абал жакшы болбосо, анда антибиотик кошуу зарылдыгы бар. Өнөкөт оорулары (кант диабети, инфаркт, инсульт, кан басым ж.б.) бар бейтаптар жана жашы улуу адамдар ооруп калса, албетте, үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылуусу зарыл.

- Элге кандай кеңештериңиз бар?

- Жарандарыбызга дагы бир жолу эскертип кетерибиз: социалдык аралыкты сактоо, колду самындап жууп туруу, беткап тагынуу, антисептик колдонуу, кеңсе жана жашаган үйдү 3-5 мүнөткө (кышында) терезелерди ачып желдетип туруу, таза абада сейилдөө өтө зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости