www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диплом чыры. Турсунбек Акун БШКны күнөөлөдү

"Укук коргоо органдары, БШК депутат болгонго чейин  талапкердин дипломун, граждандуулугун текшерип, мындай алешемдикке жол бербеши  керек болчу", - деди бүгүн, 22-январда NazarNews маалымат агенттигине Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Орозайым Нарматованы жасалма диплом алганы аныкталып, БШК мандатынан ажыратты. БШКнын мандатты берип, кайра алган аракети туур эле болдубу?

- Мунун баарына БШК күнөөлүү. БШК талапкерликке каттоодон мурун түшкөн документтердин баарын тыкан текшериши керек эле. Анан кечээ эле депутаттык мандатты тапшырып, төш белгисин төшүнө илип жатып кайра бүгүн мандаттан ажыратышы туура болбой калды.

Укук коргоо органдары да, БШК да депутат болгонго чейин ар бир талапкердин дипломун, граждандуулугун кылдат текшерип мындай алешемдикке жол бербеши керек болчу. Анан депутаттыкка талапкерлер да шайлоочулардын алдында жашырган эч нерсеси болбошу өтө зарыл нерсе. Бул алардын моралдык облигин чагылдырып турат.

- Эми БШКда жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- Депутаттыкка туура эмес каттагандыгы үчүн БШКнын мүчөлөрү, мандат алууга чейин  документтерди текшерген мекемелердин бардыгы өз жоопкерчилигин тартышы керек. Антпесе бул иште тартип болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости