www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу теле журналист Бейшенбек Бекешов КТРКнын ички абалын көрүп ачуу пикирин жазды.

Төмөндө толугу менен:

--Кыргыз поэзиясынын алтын казынасын толтурган таланттарыбыздын бири Бердибек Жамгырчиевдин чыгармачылыгы тууралуу көрсөтүүгө чакырылып, жан дилим менен барып катышып, төгүлүп сүйлөп бердим. Бирок менин азыркы сөзүм Бердибек тууралуу эмес. Бүгүнкү сөз Бердибек сыяктуу чыгаандардын, жалпы эле өнөр адамдарынын элге чыгаар эшиги тууралуу болмокчу. Бердибектин элге ошол эшиктен чыкпай, тешиктен чыкканы тууралуу болмокчу. Себеби ойлонгон кишинин оозу Ошту эмес, асманды карай турган бир акмакчылыкка күбө болуп келдим.

КТРде Союз гүлдөп турган мезгилде эң кесипкөй адистер тарабынан долбоорлонуп,толгон акча коротулуп, миң алакет түйшүк менен бүткөрүлгөн Концерттик студия деген бар эле. КТРдеги эле эмес, жалпы эле өлкөдөгү эки чоң жакшылыктын бири ошол жерде өтчү. 300 кишилик залы, көрүүчүлөрдөн дээрлик бөлүнбөгөн, тетирисинче, бул жерге келгендин баарын аргасыз бир бүтүндүккө айлантып койгон жарым тегерек сахнасы бар болчу. Сахнага каалагандай декорация алып кирүүгө, ал турсун машина айдап кирсе да болчудай шарты бар эле. Зал телекөрсөтүү тартууга максималдуу ылайыкташып, видеокран, видеорельс сыяктуу жабдуулар ээн-эркин иштеп, 9-10 метрлик шыбы азыркы дрондорду учурса да мүмкүнчүлүк түзчү...

Мамлекеттик казнадан каржыланган КТРде талаптагыдай өнүгүү үчүн эч убакта каражат жетишкен эмес. Эл аралашкан иш-чараларды театрларда, башка концерттик жайларда өткөрүү телекөрсөтүү кызмамткерлеринин кошумча эсепсиз түйшүгүн айтпаганда да толгон акча каражатына барып такалчу. Ушундай шартта бул зал зал эмей эле бир чоң дөөлөт, байлык болчу. Себеби андай телестудия залы, б.а. элдик иш-чараларды эфир аркылуу жалпы элге жеткире турган зал КТРде жалгыз эле. Аны телекөрсөтүү тартылбай калган учурларда башкаларга арендага берип, киреше да түшүрүп жатышчу...

Менин КТРде 20 жылдык орошон өмүрүм өттү. КТРдин техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кадыры кийин башка телеканалдарда иштегенде да айрыкча билинди. Концерттик студия эмес, катардагы эле эң жөнөкөй телекөрсөтүү тартуу үчүн 4-5 метрлик шыбы бар бөлмөлөргө зар болосуң. Көрүмдүүрөөк, коозураак тартайын деп же жарык иле албайсың, же камера коё албайсың. Үнүн эле келиштире албай, дубалга ар кандай былкылдак нерсе чаптап жинди болгонду айтпай эле коёлу. Кайран гана эсил кайран Союздун адистери! Ушул Концерттик студияда ончакты жыл "Коломто" рух ордосу деген өз мезгилинин эң көрүмдүү көрсөтүүсүн тартып, жазылган үн жаңырып калат, каңгырап калат, тырылдап калат, шырылдап калат деген нерселер эзели түшүбүзгө кирчү эмес да...

Мына эми ушул куттуу Концерттик студия азыр түп орду менен жер менен жексен болуптур. Олтургучтарынын баарын кыйратып, талкалап, таманын түздөп коюшуптур. Мына ушул Бердибектин көрсөтүүсү сыяктуу 5-6 киши, ашып кетсе 15-20 киши катышкан майда көрсөтүүлөр тартылчу жайга айлантышыптыр. Биз кезегинде көрсөтүү тартуу үчүн жоктон бар кылчу элек. Ал турсун бомбадан сактануучу жертөлөнү да сагызгандан сактардын каршылыгына карабай таманын кафелдеп, студияга айланттык эле. Булар бүтүндү бүлдүрүптүр.

Муну көрбөгөндүн көргөнү курусун дейт. Мындайды душман деле кылбайт. Толгон жердин кирпич дубалдарын кыйратып, ордун айнектеп койгондо оозубуз бир ачылды эле. Ушуга кеткен каражат кай заманда өзүн актаар экен деп. Көрсө эмнени да болсо кыйратып, курулушчу жалдоодон башка максат болбогону эми айдан ачык болду. Баарынан да ушул жерде өмүрү өтүп, агарып-көгөрүп келаткан КТРдин миң кишилик жамааты эмнеге балык болуп олтурду деп башым маң. Телекөрсөтүүнүн "т-сын" билбеген Байкоочу кеңешин айтпай эле коёлу.

Биздин элдин да, мамлекеттин да шору мына ушундай эч нерсе көрбөгөндөрдө. Буларда кайсы жерге кандай акча жумшады аты кылып, ортомчу болуудан башка ой болбойт. Андан пайдалуу натыйжа чыгабы же чыкпайбы, ал жүзүнчү маселе. Аларды кызматка койгондор да, кызматта кармап олтургандардын өзү да эч нерсе көрбөгөндөр. Баары окшош, бир камырдан жасалгандар.Болбосо турат го колдорунда текшерүүчү миң сан орган. Илгеркидей атылып кетпесе да, он жылдап түрмөгө салаар иш да бу. Мындайлар бийликте турганда эч убакта эл сыяктуу эл боло албайбыз,- деп жазган Бейшенбек Бекешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости