www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Бейшенбек Бекешов жакында эле дүйнө салган ак таңдай акындар Элмирбек Иманалиев менен Заирбек Ажыматов тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Бейшенбек Бекешовдун билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Башы жок бака, көзү жок көргөндөй кара аламанды бир боор эл, бир бүтүн журт кылып уютуп турган уютку акындар экени ушул жолу айрыкча сезилди. Гүлгүнүндө күбүлгөн эки акынды жоктоп, эзилип, эчкирип ыйлабаган киши деле калбады. Көр кашына күргүштөп агылган эл ичинде эзели бири-бирин көрөйүн десе көзү жок, көзүндө огу болсо атып ийгенден кайра тартпастар да чогулуп келип, күрсүнүп, үшкүрүп топурак салып жүрүштү. Коронавирус деген кара балээге да карашпады.

Көлдүн Тору-Айгырында дүйнөдөн мезгилсиз өткөн бир тууганынын атын коюп, “Кенжебек” деген чакан ишкана иштеткен бир туугандар бар. Ал “Айыл азыгы” дүкөнүн да каймак-май менен камсыз кылат. Жетекчиси Талант баатыр өзү ташып келет. Элмирбек каза болгон учурда аны эки күн үзгүлтүккө учуратты. Көзүмөн жаш куюулуп машина айдай албай койдум, биздин үйдөгүлөрдүн баары ыйлады дейт...

Кыргыздын мынчалык бириккени аалам алпы Айтматов өткөндө да байкалган эмес. Кыргыз тургай, кылымда теңдеши жок Чынгыз агабыздын кадырын түшүрүү үчүн айтылган сөз эмес бул. Болгону бүгүнкү турмуш чындыгын өлтүрө айткан эки акындын удаалаш өлүмү ансыз да ынданы өчкөн мүлдө кыргыздын боорун эзип, муунун жулкуп, жүрөгүн канатты. Бул биригүү мүлдө кыргыздын каракчы чоңдор менен уюшкан ууру-кескилерге каршы, анан да кеңкелес башкаруучулук менен түпсүз үмүтсүздүккө каршы рухий биригүүсү болду. Керек болсо жалпы элдик референдум болду! Көз жаш, ый, муң-кайгы менен, анан да кекенген кек, көксөгөн өч менен чыккан жалпы элдик эрк болду! Муну көөдөнү көрлөр эле байкабай калбаса дени-карды соонун баары көрүп турат.

Бул акындардын жеке жашоо-турмушун иликтемиш болуп, жокчулукка тогоп, Кудайдын берген ажалын да башка бирөөдөн көрүп, колунда барлардын кайрымсыздыгынан ушу болду деп, эми бала-бакырасына көз салалы деп сараң байларга док артуу менен тыянактап коёор иш эмес. Азыр бай деп айтаарлык бай деле жок. Баары тең эзели тоюнбаган топорлор. Короо-короо камандар. Жараткан Кудай эч кимибизди ошолордон соогат суратпасын!

Анан да маркумдарды колдон түшкөн шордуу кылып көрсөткөндү токтотуу керек. Эки акын тең эл катары эле жашаган. Алды да, арты да эмес болчу. Балким экөөнүн тең күчү балким дал мына ушунда болгондур?! Бири кем дүйнө кимде жок. Кем-карчтарын айта жүргөн болсо, андай көйгөй ар кимде бар. Экөө тең сурамчылык кылбай эле өз көйгөйлөрүн өздөрү эле чечип келген. Болгондо да ак эмгеги, маңдай тери деп айтаарлык акыл чөйчөгү, керемет өнөрү менен. Эми болсо экөөнүн алтындан баалуу мурасы бала-бакырасы тургай укум-тукумуна калды. Андайга жеткен бар, жетпеген да бар. Болгону ошол мураска татыктуу жашаш гана керек алар.

Ал эми өнөр адамдарынын колу-жолун көр-тирликтен бошотуп коюу керек эле деген сөздүн да күңгөй-тескейи бар. Өзүнө жана мойнунда олтургандарга канчалык көр-тирлик жетиштүү деген деңгээл бар. Аны мамлекет камсыз кылыш керек эле деп айтуу үчүн ошону билген, ошону түшүнгөн мамлекеттик жетекчилерди шайлай билишибиз керек. Анте албаган соң бирөөгө догурунбай күнөөнү өзүбүздөн издегенибиз оң.

Биздин дүкөнгө күнүгө жумуртка ташып келчү журналист Эмилбек Момунов досум кечээ келгенде бейиши болгон Буудайбек Сабыр уулу деген илимпоз агабыз тууралуу кеп баштайт. Элдик мурас, санжыра тууралуу андан билги жок эле да. Өтө баалуу сансыз маалыматтарды издеп таап, башы көрүнгөн журналист атпайдын баарына барып, ушуну жарыялагылачы деп таратып коюп кете берет эле. Аны элге чыгарган баатыр журналист болуп, Буудайбек байкенин аты айтылса айтылып, айтылбаса айтылбай кала берет эле. Ошол киши айтчу дейт “Эмилбек досум, илгери жоокерчилик заманда кыргыздын конушуна жоо тийгенде баатырлар биринчи кезекте акындар менен өнөрпоздорду жашырып качырууга аракет жасашчу экен. Ошондон кийин гана бала-бакыра, кары-картаңдын камын жешчү экен” деп. Акыны жок элдин акылы жок экенин билиптир да көрсө алар. Ошол сөз Элмирбек менен Зайырбектин күйүтүнөн чубалган кеп эле да.

Ошентсе да сөздүн ток этээри ар бир кыргыз жанындай көргөн эки акындан айрылуу Кудайдын бизге берген кашкайган сынагы деп ойлойм. Көзүңөрдү ачкыла, көөдөнүңөрдү тазалагыла, адилеттик дегенде ажалдан да коркпогула деген сынак. Азыр ачкадан өлөөр заман эмес. Болоор-болбос көр-тирлик үчүн абийир менен ар-намысты сатпагыла. Абыке-Көбөштүн арам тукуму эмес, баатыр Манастын аруу урпагы экениңерди далилдегиле. Ушул эки акынга аза күткөндөй маанай менен каракчы чоңдорго, уюшкан ууруларга, эли-журтуңду каратып туруп сатчуларга, дүйнөлүк шылуундардын жугундукорлоруна каршы турсак, алардын бир да партиясынын, бир да кыймылынын, бир да кубулма куйтулугунун жеми болбойбуз деген сынак.

Мына ушул сынактан өтсөк Элмирбек менен Зайырбек эл сүйгөн эки акын эле эмес, жалпы элге жаркын келечек үчүн жол ачкан улуттук баатырларга айланат”,-деп журналист билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости