www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Бишкек деген чоң жол бар ошол убакта унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Жантөрө Сатыбалдиев жол салып жүрүп, Акаев менен бир кабатын бисквит кылып жеп коюшкан. Сатыбалдиев азыр камакта?Акаев жалжаңдап Москвада жүрөт.

Унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Нурлан Сулайманов да алкымынан аксап кетип, Эр Төштүктөй жети кабат жердин түбүнө түшүп кеткен? Эми аны Интерполь менен издеген киши да таппайт.

Унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду жолун салууда тендер өткөзөм деп кытайлыктардын парасына кызыгып, кызматынан айдалган.

Унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшарим Калил Жамшитов Атамбаевдин атын Түндүк-Түштүк алтернативдүү жолуна беребиз деп, ошол жерден кытый бериптир, бары бир балдар төлөйт эмеспи. Азыр ал салдырган туннелдер тунжурап эмитеден коркунуч туудура баштады?

Унаа, жол министри бейшеби келип турган, бейшаримге чукулдап бараткан Жанат Бейшенов эмитеден аркасынан кетти. Кусеин Көлбаев атындагы туннелибиз ис газга толуп шопурлар ис газдан түтөй баштады.  Ак көйнөк кийип кычырап, Ак үйдөн чыкпаган мындай министрдин барынан жогу окшойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости