www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, Гүлмира Үмөталиева, "Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иштеп жаткан кызматына татыктуубу" деген суроого, жооп катары: " Бул адам уялбаган адам экен" деп, "Фабула" гезитине өз пикирин калтырган.

"Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева "кызмат" үчүн гана жармашкан министр экенин далилдөөдө. Эгер командасын уят кылгысы келбесе качан эле кетип калмак. Көрсө бул айым элди эле эмес, өзүн кызматка алып келген командасын дагы артка сүйрөп, баркын кетирүүдөн уялбаган адам экен.

Билим берүү министри татыксыз болгон үчүн мамлекетке канча зыян келүүдө. Буга чейин мен окуу китептериндеги каталар, андан кеткен чыгымдар тууралуу айтып келгем.

Жыйынтык дагы деле жок. Министр айым азыр айрым журналисттер менен блогерлерди жалдап, сын айткандар сунуш бербейт, министр иштеп жатса көрбөйт деп жатат.

РК ходуна аракет жасаганча сынды угуп, берилген сунуштарды аткарса болмок. Мен берген сунушу калды го кагазында аткарылбай. А азыр бүтүрүүчулөрдүн аттестаттарындагы катага ким жооп берет?

65 миң аттестат жараксыз болууда. Канча убаракерчилик. Алардын кайдигерлигинен мамлекет канча чыгым тартат?..

Былтыр дагы бүтүрүүчүлөр аттестаттагы каталары үчүн чет өлкөгө кете албай, убагында окууга тапшыра албай калган. Кудайбердиева жаш балдардын тагдырын ойлоп койгон жок да.

Ойлосо, быйыл ошол катаны кайталабайлы, ким жоопкерчиликтүү деп алдын ала иштемек да. Эч кандай маселе чече албаган министр мамлекеттик казынага чыгаша келтирүүдө. Ошондуктан кызматан гана кетирбестен, "шалаакылык үчүн" кылмыш жообуна тартып, материалдык чыгашаларды төлөтүү керек. Ошондо гана кийинки келген министрлер дагы жоопкерчиликтүү болушмак", -  деп сөзүн жыйынтыктаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости