www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралган «Жергиликтүү кеңештердеги мандатын 30%ын аялдар үчүн резервге коюу жөнүндө мыйзам долбоору» экинчи окуудан өтүп, кызуу талкуу жаратты.

Депутат Бокоев шайлоодогу аялдар үчүн түзүлгөн резерв боюнча мыйзамда так жазылбаганын белгилеп, Шайлдабекованын шайын оодарды. Эл өкүлү аялдардын шайлоо укуктарына болгон камкордуктар жаман эместигин, бирок мыйзамда баары башаламандыкка алып барбай тургандай так жазылса туура болмоктугун айтып көшөрдү. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага депутаттын мыйзам долбоорундагы кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүп тердетип-кургатты...

К.Бокоев: — БШКнын талаптарына ылайык жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо бир эле мандат бар жерде бирөөсү резервге коюлат деп жатат. Демек, ошол жерден беш талапкер чыга турган болсо, айталы үч аял, эки эркек чыгып калса, алар бир эле мандат үчүн талашат да, туурабы?

Н.Шайлдабекова: — Ооба, ошондой деп жазылды.  

К.Бокоев: — Эгер ошондой болсо, "эки мандаттын бирөөсүн аялдар үчүн" деп резервге коюп жатсаңар, анда эки мандаттуу жерде талаштырып олтурбай, бирөөсүн аял депутатка, бирөөсүн эркек депутатка деп эле койбойсуңарбы ишенимдүү эле. Эмне үчүн беш талапкер тең бир мандатты талашат? Кызыгы, эгер ошол талаша турган бир мандатты аял киши депутат болуп утуп чыкса эмне кыласыңар? Резервдеги мандат кимге берилет? Бул боюнча сиздердин сунуштаган жоболоруңуздарда так жазылган эмес.

Н.Шайлдабекова: — Кенжебек Сатымкулович, мыйзам кабыл алынгандан кийин, биз ал үчүн механизм иштеп чыгабыз. Ушул комитет менен да макулдашабыз. Бул шайлоо процессине жаңычылдык болуп жатат. Муну кеңири коомдук жана комитеттин талкуусунун негизинде баарын иштеп чыгабыз.

К.Бокоев: — Ошондуктан шашпай иштеш керек. Көп каталар кирип жатат. Сиздер жазып жатасыздар "эки мандаттын бирөөсү аялдар үчүн резервге" деп, бирок, ал жердеги бир мандатты аял алып кетсе, резервдеги мандатты эмне кылаарыңарды жазбаЙ жатасыңар. Анткени ал резерв аял кишиге деп эле жазылган. Силер жазышыңар керек эле:

"Эгер бир мандатгы аял алып кетсе, резервдеги мандат эркек талапкерге берилет" деп. Мындай болбойт да. Бир сөз менен айтканда, шайлоонун кашасын чыгарып жатасыңар да. Шайлоо болуп жатса бир мандатты бекитип коет деген эмне шумдук? Мыйзамда бардык мандат шайлоо бүткөнчө кантип берилет, эмне болот так жазылышы керек?!

А силер, мындайча айтканда, мандатты да БШКга катып алып, кийин беребиз дегендей кылып жатасыңар да.

Н.Шайлдабекова: - Кенжебек Сатымкулович, 62-беренеде "Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо" дегенде баары так жазылган. Добуш кантип саналат, кантип мандат берилет баары жазылган.

К.Бокоев: - Негизги мандатты алып кетсе, резервдеги мандат эмне болоорун жазган жоксуңар да?

Н.Шайлдабекова: - Мен түшүнүктү эле жазылды деп ойлойм.

К.Бокоев: - Эми сиз өзүңүз түшүндүрө албай жатпайсызбы кандай жазылды.

Н.Шайлдабекова: - Эки мандаттын бирөөсү аялдар үчүн резерв болуп бекитилет.

К.Бокоев:- А бирок негизги мандатты аял алып кетсечи?

Н.Шайлдабекова: - Аял алып кетсе, аял алып кетсин. Аялдар депутат болсун, аялдар көбүрөөк болсун.

К.БОКОЕВ: - Резервдеги кимге берилет анан?

Н.Шайлдабекова: - Резервдеги да аялдарга берилет.

К.Бокоев: Мына депутаттар, биз мыйзамды 3-окууда өткөрөйүн деп жатабыз, жаңы кирип жаткан сунушта башаламандыктар, так эмес нерселер көп. 21 мандат шайлоого коюлуп жатса, талапкер болуп жаткандар ошол 21 мандат үчүн күрөшүш керек.

Же болбосо так эле "мынча мандат аялдарга, мынча мандат эркектерге" деп туруп эле киргизишибиз керек. Андай болбосо, так эле жергиликтүү кеңештерди "ар бир төртүнчү тизмеге аялдар" деп туруп, пропорционалдык системага которуп салуу керек болчу.

Биз эртең ушул мыйзамды кабыл алуу менен айылдардагы буга чейин деле болуп келе жаткан башаламандыктарды дагы башаламандыкка алып барабыз. Негизи бир айылдын эли бир эле талапкерге добуш бере турган болушубуз керек эле.

Булак: Фабула

 

Последние новости