www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшеналиев менен Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишти. Бул тууралуу маалымат 4-июнда президенттин расмий сайтына жарыяланып, эки жетекчи ишинен “тергөө мезгилине” четтетилгени маалымдалды.

Анда айтылгандай, эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, министр менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып” убактылуу четтетилишти.

Эске салсак, Бейшеналиев 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан тышкары, "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча эки кылмыш иши, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча төрт кылмыш иши ачылганы айтылган.

Баса, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары, ошол эле Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости