www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Диетолог Михаил Гинзбург жаштыкты сактоо үчүн кандай азыктарды жеш керектигин айтты. Медиктин кеңеши "Известия" басылмасына жарыяланган.
Дарыгер биринчи кезекте капустаны сунуштаган.
"Капустанын бардык түрүндө флавоноиддер жана сульфорафан заты бар. Булар картаюу процессин жайлатат. Анын үстүнө сульфорафан организмде сезгенүү процессин солгундатып, онкологиялык оорулардын өрчүп кетүүсүнөн сактайт", — деген Гинзбург.
Дарыгердин айтымында, алма да ден соолукка өтө пайдалуу. Ал зат алмашууну жакшырткан кверцетинге бай.
"Тизмедеги үчүнчү азык — петрушка. Бул өсүмдүктө клеткаларды жаңылоого жардам берген фолий кычкылы көп. Бул дагы картаюу процессин жайлатууда өтө маанилүү", — деген медик.
Буга чейин Гинзбург жаштык, сулуулукту сактоо үчүн шпинатты көп жеш керектигин айткан.
Булак: NazarNews.kg