www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, КР саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматулаев, Жапаркул Ташиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Тийиштүү чечимдерге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечимдер «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын 18-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык кабыл алынды.
Эске салак, 2-июнда вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча Улук-Бек Бектурганов кармалган.
Булак: NazarNews.kg