www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пушкин деген орустун араб акыны бар. Арабча жазбайт, анын чоң атасы Авраам Ганнибал арабдардан сатылып келген кул болгон. Петр биринчи азаттыкка чыгарып полководец кылган. Пушкиндин атагы таш жарган, ал дуэлден өлгөндө эл дүрбөлөң түшүп кетпесин деп, араба менен алыска алып барып көмдүрүшүптүр. Бир трактирдин алдына арабакеч келип токтоп тамактанып алайын деп түшкөндө, ошол жерде тургандар: «Байкуш өлүк, эми сени эч ким билбей жалгыз жатасың да» -дешиптир. Пушкиндин «Алтын балык жөнүндө жомогун» Назар аке кыргызча вариантка салды: 

 Алтын балык жөнүндө жомок 

Балтиканын боюнда,

Ленинград койнунда.

Акысын төлөп кепеде,

Жылдызы жанган чекеде.

Жашоочу экен аспирант,

Таластык экен жубай шак,

Талгак болуп балыкка,

Таап кел деп аны кубалайт.

Базарга барса сому жок,

Баш ийип, жөнөйт деңизге,

Жубайына обу жок.

Көк деңизге барыптыр,

Кайырмак, торун салыптыр.

Калчылдап абдан үшүптүр,

Караса алтын балык түшүптүр.

Алтын балык кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат:

-Коё бер мени деңизге,

Келерсиң тузуң кемисе.

 

Боор ооруп аны коё берет,

Үйүнө түш оой келет.

Кур келген үйгө жолдошун,

Жубайы кантип колдосун.

Кабарды андан угуп шак,

Какшап,тилдеп урушат:

- Балыкты издеп табасың,

«Кандидат наук» аласың!

«Алтын балык кайда» - деп,

«Көрсөт эми пайда» -деп.

Киришем деп эми ишке,

Аспирант жөнөйт деңизге:

-Өзүм деле жаш эле,

Эмгегим деле аз эле.

Өмүрлүк жарым Таластан,

Өлтүрүп коёт талашсам.

Балыкка айтып койгун дейт

«Кандидат наук» болгун дейт.

Анда балык кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат:

 -Убара болбой бара бер,

Кандидаттыкты ала бер.

Үйүнө безип  барыптыр,

Капырай, аспирант,

Кандидат болуп калыптыр.

Убакыт өтүп арадан,

Жубайы чыгат кайрадан:

-Көк деңизге баргын,- дейт,

«Доктор наук» алгын!- дейт.

Үйдөн куулган себеп деп,

Көк деңизге келет дейт:

-Буга чейин жаш болдум,

Эми чачым жыдып таз болдум.

Эмгегим жок татыктуу,

Эптеп эми басып чуу.

Сөзгө эми келгин,- дейт,

Докторлукту бергин !-дейт.

Алтын балык келиптир,

Докторлукту бериптир.

Жубайы жөн турбаптыр,

Академияны сураптыр.

Кайрадан аны бурап шак,

ЦКдан кызмат суратат.

Калып өзү байлоодо,

Депутат сурайт шайлоодо.

 

Убакыт өтүп арадан,

Кемпири чыгат кайрадан.

Сөз баштайт дейт жумшактап,

Көк деңизге жумшап шак.

Кемпири айтат сумсайган:

-Болду эми башка жумшабайм,

Иштей турган убагың,

Президентти сурагын!

Жөнөйт экен абышка,

Көк деңизге алыска.

Алтын балык кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат:

-Карасаң боло кудайды,

Башкара албай жубайды,

Падышалык сурайбы?

Мейли ажону беремин,

Бирок элди жебегин!

«Куп болот!»- деп абышка,

Учак минип зыпылдап,

Учуп жөнөйт алыска.

Падыша болуп барыптыр,

Көрсө такты эбакта,

Кемпири ээлеп алыптыр.

«Бери кел!»- деп чакырат,

Ээ-жаа бербей бакырат:

-Эл көзүнө дайыма

Падышадай жүрөсүң.

«Мен ойлойм» - деп көп сүйлөп,

Мылжың этип күлөсүң.

Эл көзүнө канайым

Айтканымды аткаргын,

Мен ойлоймун ар дайым!

 

Он беш жылы ойлоптур,

Элин соруп тойлоптур.

Таланты жок жаздырып,

Чоң эр болуп алыптыр.

Жазуучудан биринчи,

Номер болуп алыптыр.

Калем албай колуна,

«Гомер» болуп алыптыр.

Көзү тойбой дүнүйөгө,

Абышкасын чакырат.

«Көк деңизге жөнө!»- деп,

Көпкөн кемпир бакырат:

-Сага эми артыкча,

Жубай болгум келет,-дейт.

Бүт ааламды башкарган,

Кудай болгум келет!-дейт.

 

Көк деңизге алыска,

Барат байкуш абышка.

Кармап алтын балыкты,

Айтат болгон тарыхты.

Келдиң деп алыс тараптан,

Ичириптир арактан.

Чал, чаң тополоң салыптыр,

Мас болуп уктап калыптыр.

Көзүн ачып караса,

Мына кызык тамаша.

Эски тепши кучактап,

Канайым жок кемпири,

Отурат дейт жанаша.

Колунун бары туурулуп,

Кепе ичинде тамак жок,

Алтын балык турат дейт,

Жалгыз гана куурулуп.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости