www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Булак-Башы жана Төрт-Көчө аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу КР Чек ара кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү макулдашкан:

кошумча тартылган күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу жайгаштыруу пунктуларына чыгарып кетүү;

чек ара кезметтерин эки тараптуу негизде алмаштырууга;

инженердик курулуштарды демонтаждоо;

бийиктиктерге чек ара кезметтерин жиберүүгө тыюу салуу.

Андан ары Төрт-Көчө аймагында КР Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Тажикстандын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жолугушту. Сүйлөшүүлөргө тараптардын чек ара заставаларынын башчылары да катышты. Тараптар жетишилген макулдашууларды аткаруу, чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө жана бардык пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын макулдашкан.

Мамлекеттик чек ара сызыгынан кошумча күч жана каражаттарды чыгарууну Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара заставаларынын башчылары көзөмөлдөйт.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу кечээ, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.

Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын белгилеген. Ал эми экинчи жарандын абалы орто деп бааланды.

Өз кезегинде атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев чукул Баткенге учуп кеткен.

Окуя болгон жерге барган Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости