www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мурдагы жетекчилери качып кетиптир. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Руслан Жакышов министрге аталган оорукананы таластыктар монополия кылып алганы туурасында айтканын эске салып, "эми аларга куугунтук болбойбу?" деп сурады.

"Ал жерден мен айткан кишилер качып кетишти. Бухгалтерди таба албай жатабыз. Азыр жалпы бухгалтерияда эмне болгонун билбей жатышат. Баягы айткан фармацевтикалык фирмалар боюнча дагы маалымат жок. Комиссия барып кимден отчет аларын билбей жатат. Себеби бүт баары үй-бүлөлүк болуп калган да. Биз "келгиле, сиздерди эч нерсе кылбайбыз, документтерди өткөрүп бергиле" деп жатабыз. Ооруканада бүт баары иштеп жатат. Болгону эки-үч киши гана өткөрүп бериши керек. Аларды азыр таппай жатабыз, себеби көп мыйзам бузуулар болгон экен", — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр мунун айынан жаңы башкы дарыгер, бухгалтер документтерди өткөрүп ала албай жатканын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам министрдин үнүндөй үн менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жалаң таластыктар иштеп жатканын айткан видео тараган.

Видеодогу адам: «Башкы дарыгерликке ким дайындасаңар да, башкысы таластык болбосун», - деген. Ошондон кийин Талас облусунун бир катар тургундары Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурап, анын сөздөрүн туура эмес чечмелешкенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости