www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 120 миңден ашуун тажик мигранты мунапыска илинди. Бул тууралуу 9-февралда өткөн маалымат жыйынында Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Ширин Амонзода билдирди.

Ал мигранттар кандай мыйзам бузууларга барганын так түшүндүргөн жок. Буга чейин тажик бийлиги 230 миңден ашуун тажикстандыктын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганын кабарлаган.

Былтыр октябрь айында Орусиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов соттун чечими менен өлкөдөн депортацияланган чет өлкөлүктөр үчүн мунапыс мыйзамы иштебей турганын айткан.

Тажикстандын эмгек министри былтыр 150 миңден ашуун тажик жараны Орусияда мыйзамдуу түрдө жүрүүгө уруксат алганын, бул депортация тобокелчилигин азайтканын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылы Тажикстандан 373 миңден ашуун киши иш издеп чет өлкөгө чыгып кеткен. Бирок бул маалымат орустардыкынан айырмаланып турат. Орусия өлкөдө бир миллиондон ашуун тажик мигранты бар экенин ырастоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости