www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин январь окуялары учурунда адам укуктарынын бузулушу боюнча иликтөөлөргө эл аралык эксперттерди тартууга чакырды.

Бул билдирүү Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот менен жолугушкандан кийин жарыяланды.

"Казакстан январь окуясын иликтей турганын жана комиссия түзөрүн жарыялады. Бирок буга чейин өкмөттүн мындай иштери жоопкерчиликке тартуу жана сот адилеттүүлүгүн орнотуу менен аяктаган эмес. Эл аралык жана улуттук эксперттерден куралган аралаш иликтөө окуянын ар тараптуу, калыс иликтенишине мүмүндүк берет", — деген Кеннет Рот.

HRW иликтөө ачык-айкын жана көз карандысыз болушу керектигин, өкмөт бардык маалымат менен камсыздоого тийиш экенин белгилейт. Укук коргоо уюмунун пикиринде, эл аралык эксперттердин катышуусундагы мындай иликтөөнүн мандаты 4-6-январдагы кишилердин өлүмүн, ага күч түзүмдөрүнүн канчалык катышы бар экенин аныктоого жардам берет.

HRW иликтөөгө Европа коопсуздук жана келишим уюму (ЕККУ) жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши колдоо көрсөтсө дурус болот деп эсептейт.

Расмий статистикага ылайык, соңку башаламандыктарда Казакстанда 227 киши, арасында күч түзүмдөрүнүн 19 кызматкери каза тапты. Бирок, жарандык активисттер менен укук коргоочулар курман болгондор мындан көп экенин айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости