www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен Башпрокурордун УКМКнын мыйзамына каршы чыкканынан саясат издегим келбейт», - деди бүгүн, 14-февралда NazarNews маалымвт агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек ага, УКМКнын жарандарды тыңшоо мыйзамына Башкы прокурордун каршы чыкканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүшпү же эки органдын ортосунда тиреш башталдыбы?

- Негизи бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек! Прокуратура УКМКнын жарандарды тыңшоо мыйзамына каршы чыгып туура эле кылды. Ошон үчүн мен Башпрокурордун каршы чыкканынан саясат издегим келбейт.

Анткени, прокуратура мыйзам сакчысы болушу керек. Тагыраагы, прокуратура калпыстыктарга жол бербей, зарыл болгон учурда мыйзамдарга каршы чыгышы керек. Бул нерсе мыйзамдуулукту сактоого, туруктуулукка, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө чоң салым кошот.

Ошондой эле эл аралык абройубуз көтөрүлөт. Биз мыйзамдарыбызды сактабасак, дүйнөдөгү мамлекеттер бизди мамлекет катары эсептегиси келбей калат. Ансыз да 30 жылда 3 төңкөрүш жасап, 32 өкмөт алмаштырдык, эми мыйзамдуулукту туу тутушубуз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости