www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бийликти 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп бериши мүмкүн. Бул тууралуу Борбор Азия боюнча эксперттер билдиришти.

Аларга Орусиянын «Московский Комсомолец» басылмасы суроо менен кайрылган. Эксперттердин айтымында, Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнүн 2 себеби бар: биринчиси — Гурбангулы Бердымухамедовдун ден соолугу, экинчиси — январь айында Казакстанда болгон окуялар.

«Түркмөнстан жабык өлкө болгондуктан, Гурбангулы Бердымухамедовдун ден соолугу тууралуу маалымат жарыяланбайт. Бирок коронавирус менен ооругандан кийин көйгөй жаралган болушу мүмкүн», - дейт эксперт Аждар Куртов. Гурбангулы Бердымухамедов — өзүнө «Аркадаг» (коргоочу) деген наам ыйгарган. Кесиби боюнча тиш доктур. Ошол эле учурда өзүн спортчу, ырчы жана акын катары таанытып келет. Учурда 64 жашта. 

Ал ушул жылы 11-февралда мамлекетти башкарууга жаштарга мүмкүнчүлүк бериш керек экенин айткан. Эртеси Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтө турганын жарыялаган.

Шайлоо 12-мартка дайындалды. Бердымухамедов өмүрүнүн акырына чейин Түркмөнстанды башкарууга укук алган. Ошондуктан мөөнөтүнөн мурда жарыяланган шайлоо күтүүсүз болду. Аждар Куртовдун айтымында, бийликти өткөрүп берүү тынч өтөт, себеби Түркмөнстанда ага тоскоол боло турган оппозиция жок.

Кандайдыр бир нааразычылык акциясы да өтүүгө мүмкүн эмес, анткени саясий режим өтө катаал. Россиялык эксперт Станислав Притчиндин пикиринде, Сердар расмий түрдө гана өлкөнү башкарат. Анын атасы өз таасирин сактап калат жана Түркмөнстанды көшөгө артында башкара берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости