www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районуна караган Маевка айыл өкмөтүндөгү 5,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы 25 миллион сомго бааланган жер мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде В.С. аттуу жаранга берилип кеткени аныкталганы айтылат.
Жер тилкесин мамлекеттин карамагына кайтаруу максатында көзөмөл органы сотко доо арыз менен кайрылган. Натыйжада толугу менен канааттандырылып, аталган жер аянты муниципалитеттин балансына өттү.
Булак: NazarNews.kg