www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан жаңы технология чыгара албаса да, жок дегенде нан чыгарганды билиши керек», - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.

- Бейшенбек ага, Орусияга салынган санкциялардын кесепети бизге да тийеби?

- Орусияга кирген санкциялар ар бир кыргызстандыктын үйүнө келет. Орусия менен Украина согушкан биринчи күнү эле доллар 100 гө чыкты, нефти кымбаттады. Анткени, Кыргыз Республикасы импорттон көз каранды. Соода-сатык, эл аралык аласа-бересе, насыя, жардамдар, продуктулардын баары долларга келет. 30 жылдан бери экономикабыздын баары доллар менен байланышкан. Ошон үчүн доллар көтөрүлүп жатат.

Бирок, бул жагдайдын Кыргызстанга пайдасы да тийип калышы мүмкүн. Анткени, Европа, АКШ, батыш өлкөлөрү Орусиянын товарларынан, нефт, газ жана башка нерселеринен баш тартса, өтпөй калганда айла жок КМШга, Орто Азияга арзан берет.

Айтайын дегеним, 2008- жылы дүйнөлүк кризис болгондо КР нефти, темир, жыгач, курулуш материалдары арзандап, курулуш тарапта чоң секирик болгон. Жакшы тилек кылып туралы, жаман айтпай жакшы жок дейт кыргызда. Буюрса, баары жакшы болот.

- Өкмөттүн антикризистик программасы жардам береби каатчылыктан чыкканга?

- Өкмөт да кризисти алдын алып, кризиске каршы иш чараларды көрүшү керек. Кокус Орусия менен Украина тынчыбай согуш узак убакытка созулса, Орусиядагы 1 млн. кыргыз мигранттары келет.

Аларды жумуш менен камсыздап багыш керек. Ансыз деле бияктагылардын 80% жакыр жашайт. Жумуш жок. Ошон үчүн өкмөт азыртан чараларды көрүп, бир метр жерди да калтырбай эгин, жашылчанын баарын эктириши керек.

- Баарын сатып жеп көнгөндөр жер иштете алабы?

- Иштетиш керек. Антпесек жакырчылыктын сазынан чыга албайбыз. Жакырчылыктын атасы - жалкоолук, апасы - жумушсуздук! Ушул экөөнү жеңсек бакубат үй-бүлө, күчтүү өлкө болобуз.

Мындан ары ар кайсы өлкөгө чөгөлөп карыз сурабай, өзүбүздү өзүбүз бакканга өтүшүбүз керек. Айфон, жаңы технология чыгара албасак да, жок дегенде нан чыгарганды билиш керек. Өзүбүздү-өзүбүз азык-түлүк менен камсыз кылышыбыз керек!

ФПСтин жерлерин мамлекет өзүнө алып азык түлүк коопсуздунун чечиш керек. Буудай, суу май, кант кызылчасын эң керектүү тамак-аш менен пландап камсыз кылыш керек. Жер менчик биз кирише албайбыз деген оңой жоопту токтотуш керек. Кыскасы, баарын мамлекет өз колуна алыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости