www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элибиз дыйканчылык үчүн алган насыяны эң туура пайдаланат деп ишенем», - деди бүгүн, 14-мартта NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов.
- Русланбек Шергазиевич, мамлекет тарабынан үстөк пайызы аз насыялар дыйкан менен фермерлердин иши илгерилешине салым кошобу?
- Дыйкандар жана фермерлерге берилген насыя айыл чарбасына чоң салым кошпосо дагы жардам болот деп ойлойм. Ошондой эле элибиз дыйканчылык үчүн алган насыяны эң туура пайдаланат деп ишенем. Анткени, дыйкандар жердин баалулугун, жерди кантип иштетүүнү жакшы өздөштүрүп алышкан.
- Бирок, кредит максаттуу жумшалганын өкмөт көзөмөлдөшү керек деген да пикирлер айтылып жатат го?
- Өкмөт насыяны көзөмөлгө алып койгону деле туура. Бирок, насыяны туура пайдалануу өкмөттөн мурун дыйкандардын да кызыкчылыгы.
Булак: NazarNews.kg