www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын токтому менен Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 сандуу бала бакчасы жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.
Прокурордук сунуштаманын негизинде, бала бакча жана ага тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды.
Булак: NazarNews.kg