www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жай айы – эс алуунун айы. Өзүңүз үчүн энергия топтоп, жакшы иштерди, ийгилик жаратууга булак тапсаңыз болот. Белгилүү бизнес тренери Венера Бокотаевадан кызыктуу кеңештер

1. Эртең мененки кооз, пайдалуу тамакты уюштуруңуз Жума күндүн таңы жакын адамдар менен жолугушууга ылайыктуу. Батирдин балконуна эртең мененки тамакты уюштурсаңыз болот же жайлуу террасасы бар жайкы кафеге кириңиз. Күнөстүү таң эски көйгөйлөрдү унутууга жардам берет жана жаңы идеялар менен бөлүшүүгө чакырат.

2. Токойдо же тоодо бир күн өткөрүү Кемпинг – бул бир жума иштегенден кийин эс алуунун эң жакшы жолу. Токойдо сейилдөө, чуркоо же велосипед тебүү сонун. Таза аба ден-соолукту чыңдап, маанайды жакшыртат.

3. Спорт менен алектен Жайында фитнес-клубдарда эмес көчөгө чуркоо сонун. Сиздин шаарда кандай окуялар болуп жатканын билип аласыз. Көк чөп үстүндө йога сабагына же спорт машыгуусуна катышып, сыртта теннис же бадминтон ойноп, фитнес кылсаңыз дагы болот.

4. Гүлдөр дүйнөсү Гүлдөп турган жайкы пейзаждар достор менен сейилдөө же балдар майрамы үчүн эң сонун жасалга болуп саналат. Ботаникалык бакчага, экзотикалык өсүмдүктөрү бар күнөсканага барыңыз, же жапайы гүлдөр үчүн шалбааларга барыңыз. Сулуулуктан ырахат алыңыз, сүрөткө түшүңүз, токуңуз, гүлдестелерди уюштуруңуз жана келечектеги гербарийлер үчүн гүлдөрдү чогултуңуз.

5. Жээкте китеп окуу Сиз алыс болгон темадагы популярдуу китепти табыңыз. Балким аны бир саясатчы же сиз көрбөгөн актёр жазгандыр. Сизге бейтааныш жана түшүнүксүз башка адамдын дүйнөсүнө кирип, аны түшүнүү чоң ачылыштарды берет. Албетте, сиз көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнөсүз, балким, көп нерселерге болгон көз карашыңызды өзгөртөсүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости