www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Козголгон кылмыш иштер боюнча Президент комиссия түзө алат» деп Конституцияда УПК, УК жана башка мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес», - деди бүгүн, 6-июнда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.

- Токон Болотбекович, Саламаттык сактоо министринин иши калыс, адилеттүү тергелсин деген ой менен президент комиссия түзүп, Башкы прокурор Курманкул Зулушевди да убактылуу кызматынан четтетти. Ажонун бул кадамы туура болдубу же калпыстыкка жол берилдиби?

- Козголгон кылмыш иштер боюнча Президент комиссия түзө алат деп Конституцияда УПК, УК жана башка мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле, Башкы прокурорду убактылуу кызматтан четтете алат деп дагы көрсөтүлгөн эмес.

Бирок Президент Конституцянын жана адам укуктарынын сакталышына гарант болот деп Конституцияда (66-беренеде) көрсөтүлгөндөн кийин ушуларды эске алып, ушундай кадамга барды болуш керек. 

Президенттин Администрациясы ушуларды так көрсөтүп элге учурунда маалымат берип койсо, коомчулукта мындай кайчы ой-пикирлер жаралмак эмес.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости