www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга скаут кыймылы киргизилүүдө

Кыргызстанга скаут кыймылы киргизилип жатканын “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты боюнча эксперти Мураталы Үчкемпиров билдирди.

Анын айтымында, скаут кыймылы Кыргызстанда буга чейин болгон эмес.

“Ал өзгөчө жаштарга окуудан сырткары бейформал билим берет. Бул жерде окуу, үйрөнүү, анализдөө анан жасоо эмес, жасоо аркылуу үйрөнүү деген принципте колдонулат. Балдарга өзүнүн, коомдун жана жараткандын алдында милдет коюлат. Жаштар жаратылышка аяр мамиле кылууну, өзүнөн кичүүгө сылык мамиле жасоону үйрөнүшөт. Дүйнөдөгү белгилүү скаут кыймылынын мүчөлөрү АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, астронавт Нил Армстронг болгон”, — дейт ал.

Үчкемпиров кечээ Дүйнөлүк скаут бюросунун өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандын аймактарынан келген 35 адамдын катышуусунда семинар өткөнүн мааалымдады.

Белгилей кетсек, Скаутинг — дүйнөнүн 224төн ашык өлкөсүндө 57 миллиондой жаштарды жана ыктыярчыларды бириктирген, билим берүү багытындагы дүйнөдөгү алдыңкы жаштар кыймылы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости