www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү эстрада жылдызы Бек Борбиев менен КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду эки жаат кылып айтыштырган президент Сооронбай Жээнбековдун Жаңы жылдык куттуктоосу болду.

Илим Карыпбековдун кезектеги жазып чыккан сөздөрүнө Бек Борбиев төмөндөгүдөй жооп берди:

"Кыргызда жакшы сөз бар го, бүргөгө теңелип күрмөңдү отко салба деген. Эки күндөн бери концерт коюп фейсбука киргенге чолом жок жүрдүм. Андан дагы бая күнкү Илимдин жообун окуган соң, деңгээлине жийиркенип, жооп жазайын деген дагы дитим болгон эмес.

Бирок бүгүнкү анын жазып чыккан кезектеги жообу, коомдук Биринчи каналды канча жылдан бери жеткен билимсиз, интриган, ички дүйнөсү тар, ою бузук, кошоматтан башка бир жакшылыгы жок маңкурт башкарып келе жатат деп таң калып, калемди колго алууга туура келди"- дейт ырчы мырза.

"Илим, биринчиден мен жазган алгачкы посто, КТРК тартканбы же президенттик аппарат тартканбы билбейт экенмин. Бирок жоопкерчилик экөөндө тең бар дегендей таризде оюмду билгизгем. А сен, дароо чычалап жообуңду жаза баштадың. Демек, күнөө сенде экенин мойнуна алдың деп түшүнөм. Болбосо аны такташ керек десең дагы башкача сөз болмок .

Экинчиден КТРКнын кызматкерлери менен мени каршы коюу аракетин көрүптүрсүң, бүгүнкү постуңда. Эч качан андай болбойт, кыла дагы албайсың. Ал жерде саналуу эле кошаматчыларың сени укпаса, көпчүлүк коллегаларың сени көрөйүн деген көзү жок экендигин баарыбыз билебиз.

Керек болсо, "Илимди кубалап чыкмакпыз, бир аз убактысы калды сыйы менен кетсин"- деп ызырынгандарды өзүн да жакшы билсең керек. Бул жерде КТРК эмес, анын башында турган, азыркы Ажонун командасы болумуш болуп иштеп жаткан, жеке сенин күнөөң экени бул айдан ачык.

Бекти Бек кылган Ктрк деп аңкылдаптырсың. Менин кантип Бек болгонум жөнүндө маалыматың жок болгон соң, билгендерден сурасаң болмок. Сагын Ниязалиева эже билет.

Мен 1990- жылы Ош шаарынан жөнөкөй эле кассета аркылуу ырларым тарап, жалпы Кыргызстанга белгилүү болгом. А Берадар эмес, Бек болуп калганым, 1 жашта ата-энем студент болгондуктан таенем багып Бек атап алган.

Бек Борбиев болуп баардык булуң бурчта ырларым жаңырып, өзүмдүн жеке концерттерим менен 2-3 жылдай эл кыдырып жүргөн соң, анан мени КТРКга чакырышкан. Бул факт, архивден текшерип көрсөң болот. Албетте, кийин жалпы элдик обончу болушума КТРКнын салымы зор, аны танбайм, бирок, дегеле телевиденияга тартылыш мага жага бербеген процесс. Ошол себептен, өтө сейрек тартылам, азыр деле аны Асыл Апасовага окшогон менин досторум жакшы билет.

Ошондой эле эң аз клип тарткан ырчы мен болсом керек. Эфирден канча чыкканымды дагы архивден текшерип көрсөң болот оңой эле, баса айтып коёюн, Атамбаевдин 7 жыл башкаруусунда таптакыр чыккан жокмун, аны билесиң. Жалпак тил менен айтканда мен эч качан КТРКга «зависимый» ырчы болгон эмесмин, болбойм дагы. Мындай экенимди эски журналист Мыктыбек Арстанбек досумдан дагы сурап алсаң болот.

Анан Бектин Беги болсо дагы деп менин жекелигими басынтууга аракет кылыптырсың. Кызматкерлерим үчүн деп. Алар сенин жеке кызматкерлериң эмес, жалпы мамлекетке кызмат кылып жүргөндөр. Антип айтпа уят болуп каласың. Ажонун куттуктоосуна алардын не тиешеси бар, жалгыз өзүң гана жоопкерчиликтүүсүң. Бектин Беги эмес мени менен эле сүйлөшүп алсаң. Илим, бул сөздөрдү жолугуп дагы айтам го.. Бирок эсиңе түйүп ал, мен өскөн, жүргөн чөйрөдө сен бир күн дагы жүрө албайсың, сендейлердин орду башка.

Анан кыргызда эркектер урушканда айтылчу сөздөр башка, аялдардыкы башка болот. «Айланып кет» « тегеренип кет» деген сөздөр аялдар урушканда колдонулуучу сөздөр. Мындай сөздөрүң менен "Супер инфонун" кожоюну Кылыч Султан менен барып айтышсаң болот)) ( аны менен ориентация бир жыштыкта окшойт).

Ушундай менин сага айтаарым Илим. Сени менен интернеттен ушинтип таанышканыма «кубанычтамын». Сендей кошаматчы жетекчилер тилеке каршы азыр мамлекеттик кызматтарда көп. Эл баарын көрүп, билип калды. Бара бара коом «силердей мителерден» арылат, убакыт керек. Антпесе өлкөнү жок кыла тургандар силерсинер!
А мындай сүйлөшөм десең менин телефон номерим сени менен сыймыктанган Асыл Апасова деген менин досумда бар.
Ийгилик!"

P. S. Дагы айтам жигиттин жакшы касиети, өз күнөөсүн мойнуна ала билүү!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости