www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда президент Шавкат Мирзиеевдин 2017 -  жылы август айында өлкө тышына саякатка чыгуу уруксатын берген  визаны ишке ашыруунун жоюлушун жана мунун ордуна экинчи бир паспорт алууну күткөн жарлыкка кол койгондугу белгиленди.

Бул жарлык боюнча өлкө тышына чыгуу уруксаты 1 -  январдан баштап жоюлду. Өлкө тышына чыга турган өзбек жарандар мындан кийин ала турган экинчи бир паспортту колдонот. Маалыматта Өзбекстандын виза режимин ишке ашырган өлкөлөргө саякатка чыгуу укугун берген өлкө тышына чыгуу визасы 1995 -  жылдан бери колдонулуп келгендиги эске салынды.

Өлкө тышына чыгууга боло турган экинчи паспорт 16 жаштан улуу жарандарга 10 жылдык, 16 жаштан кичүү жарандарга болсо 5 жылдык мөөнөт менен берилет.

Өзбекстанда ушул кезге чейин паспорттор өлкө ичинде күбөлүктүн ордуна жана өлкө тышындагы саякаттар үчүн колдонулуп жаткан.

Жарандар өлкө тышына саякатка чыгуу үчүн паспортторуна коопсуздук бөлүктөрү тарабынан өлкө тышына чыгуу уруксатын берген жана 2 жылдык мөөнөттүү   визаны алып жатышкан.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости