www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл көнө элек эрежелер

2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдардагы административдик жаза чектөө керек деп саналган жоруктардын тизмесиндеги айрым жоболор социалдык тармактарда кызуу талкууланып, “Коюлган талаптар түзүлгөн шарттарга шайкешпи?” деген суроо коюлууда.

Айрыкча автоунаа токтотуучу жайлардын тартыштыгы, жолдордун тардыгы, таштанды таштоочу чакалардын аздыгы, тамеки тартуучу жерлерге белгилердин коюлбагандыгы сыяктуу маселелер көп көтөрүлүп жатат.

1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодекс автоунааларды туура эмес токтотуу, тамекини тыюу салынган жерде тартуу, коомдук жайларда түкүргөндөр, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же тез жардамга жалган чакыруу, лифттерге зыян келтиргендер, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандар, таштандыны өрттөгөндөр же белгиленген жерге ыргытпагандар, көчөдөгү люктарды ачкандар, ит же мышык алып жүрүүдөгү эрежени сактабагандар үчүн айыппулдарды белгиледи. Айыппулдардын өлчөмү жеке адамдарга 1000 сомдон 7500 сомго чейин болсо, юридикалык тараптарга чегерилген сумма мындан да көп.

Январь айынын алгачкы күндөрү эле жаңы жоболорду бузган адамдарга айыппул салынганы кабарланды. Алардын арасында уруксат берилбеген жерде тамеки чеккен адамдар да бар. Бул күндөрү жаңы эрежелердин түзүлгөн шарттарга шайкештиги боюнча маселе социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Медиа менежер Айбек Турдалиев мындай жүйөлөрдү келтирди:

- Бир жарым миллион калкы бар шаарга урналар жетишсиз. Эгерде биз чындап эле тазалык болсун десек, ошого жараша шарттар болушу керек. Атайын тамеки тартуучу жерлер, көрсөтүлгөн белгилер болушу керек. Ошону ишке ашырыш үчүн механизмдер болушу зарыл. Анан азыр “Түкүрбө деп жатат, бирок какырса болобу же кусса болобу?” дегендей суроолор биринин артынан бири пайда болуп жатат. Ал мыйзамдар иштеши үчүн баарын пункт-пунктка бөлүп, түшүндүрүп берүү абзел. Тамеки боюнча 90-жылдардын аягында кабыл алынган, коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам бар. Бирок ал мыйзам иштебейт. Бул мыйзамдарды популизм деп эсептейм.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карамагында 1600дөн ашык урна бар. Мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева таштанды таштоочу жайлар борбордо жетиштүү деп эсептейт. Ошондой эле расмий эмес маалыматтар боюнча автоунаа токтотуучу ижарага берилген 300дөн ашык жер тилкеси бар.

Түркиянын Стамбул шаарында 20 жылдан бери жашап келаткан Нурлан Мусаев Бишкекте автоунаа токтотуучу жайлар жетишсиз деген пикирде. Ал мыйзамдагы автоунааларды туура эмес токтотууга чегерилген 3000 миң сомдук айыппул тууралуу кеп кылып жатат:

- Токтотмо жайлары жетишсиз, алар системалуу түрдө иштебейт. Стамбулда автоунааны кайсы жерге токтотсоң да бир-эки мүнөттүн ичинде кызматчы келип токтотмо жайынын акчасын жазып кетет. Бардык токтотмо жайлары мэрияга карайт. Мисалы, саат 10:00до келсең ошол саатты терезеңе чаптап кетет. Ошондон кийин канча турсаң да саатына эсептеле берет. Бул мэриянын өзүнө деле киреше алып келет да. Мунун баарын электрондук система менен башкарышат. Бул маселелер негизи оңой эле чечилет. Көп деле каражат талап кылбайт. Бирок биз системага салып иштегенди билбейбиз. Адегенде эле “акча жок” деп башташат.

Социалдык тармактардын жигердүү колдонуучусу Болот Ибрагимов автоунаа токтотууга, таштанды ыргытууга ылайыктуу шартты мамлекет түзүп берүүгө милдеттүү эмес деген пикирде. Ал кошумчалагандай, Бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, жол эрежелерин бузган айдоочуларга белгиленген айыппулдардын суммасы көбөйгөнүн эске албаганда, башкасы туура болду.

- Он же жыйырма метр сайын эле урна коё бербейт да. Парковкалар боюнча деле ар бир жаран автоунааны сатып алганда өкмөт ага орун таап берүүгө милдеттүү эмес. Эртең тик учак сатып алгандар чыкса, өкмөт алардын ар бирине орун таап бериши керекпи? Токтотмо жайы болбосо 500 метр ары жакка коюп жөө басып кел. Бул ден соолукка да пайдалуу.

Журналист Канышай Мамыркулова болсо кодекстеги жаңы талаптарда туңгуюк жагдайлар көп экенин айтууда. “Бул көрүнүш адам укуктарын эске албагандай элес калтырат” дейт активист.

- Мисалы, “коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынат” деп белгиленип турат, - дейт ал. - Коомдук жайга кайсы жер кирет? Акыл-эстүү адамдар сөзсүз түрдө театрдын, мектептердин же социалдык мекемелердин алдына барып түкүрүнбөйт да, туурабы? "Түкүрүккө, анан тигиге, буга" деп калктын кыжырын келтире берүүнүн кажети жок. Кыргыздар таптапкыр эле маданияттын чегинен чыгып калган эл эмес. Бири-бирине түшүндүрүү аркылуу же болбосо кандайдыр бир акцияларды өткөрүү менен деле жакшы жыйынтыкка жетсе болот.

2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы мыйзамдардагы административдик жазага тартыла турган жоруктардын тизмесине түкүрүү, таштандыларды өрттөө, автоунааларды туура эмес токтотуу, тамекини тыюу салынган жерде тартуу сыңары көрүнүштөр кирген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости