www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бекболот байке, өткөн жылы экөөбүз президенттин бир жылдык иш-аракетин талдаган элек. Маекте сиз терс баа берип, «Садыр Жапаров өз эрки менен 31-августка чейин отставкага кетип калса туура болмок» деген сунуш айттыңыз эле. Андан бери дагы бир жыл өттү. Президентке берген бааңыз ошол бойдон турабы?

-- Принципиалдуу эмес, бирок кандайдыр бир деңгээлде өзгөрдү. Садыр Жапаров соңку жылда көрүнүктүү үч ишти турмушка ашырды. Эки ишин кубаттап, өз пикиримди ачык жарыяладым. Бир ишине баа бере албайм.

-- Анда алгач үчүнчү ишине токтолсоңуз?

-- Ал иш Кыргызстан–Өзбекстан чек ара маселеси чечилип, келишимдин кабыл алынышы. Айтсак, «Кемпир-Абад» суу сактагычынын өзбектерге өткөрүлүшү боюнча кайчы пикирлер дагы эле бар. Бул маселеде бийликтин да, оппозициянын дагы ынанымдуу далил, жүйөлөрүн угуп-көрүп жаттык. Демек, Садыр Жапаровдун бул көрүнүктүү ишине анык бааны эл жана тарых берет. Ал эми айрым жарандардын учурдагы пикири субъективдүү көз карашты гана чагылдырат.

-- Эки жакшы ишин айтсаңыз?

-- Биринчиси, мамлекеттин коопсуздук маселеси боюнча. Эмне себептен өткөндө тажик бийлиги кыргыз элине, жерине бүлүк салды? Себеби, алар кыргыз армиясынын абалы начар экенин жакшы билишкен. Бирок соңку бир жылда биздин мамлекеттин коопсуздугу жогорку деңгээлде бекемделгени талашсыз факт. Учурда кыргыз жерине сырткы күчтөрдүн ээн-эркин басып кириши мүмкүн эмес болуп калганын кубана да, сыймыктана дагы айтышыбыз керек.

Экинчиси, Садыр Жапаровдун жакында мурдагы президенттерди чогуу жолуктуруп, аларды кыргыз өлкөсүндөгү биримдик, ынтымакты чыңдоого салым кошууга чакырган иш-аракети. Ал жолугушууну мен дароо тарыхый окуя катары баалагам. Президенттин бул ишин менимче, катардагы жарандардын токсон пайызы колдоду. Ал эми кыргыздын бузуку интеллигенциясы, тескерисинче, каралаган, мазактаган пикирлерин жайылтышты. Алар мурдагы президенттердин жолугуп, биргелешкен позицияга келиши – ал президенттер үчүн эмес, эң башкысы кыргыз элине зарылдыгын, өлкөбүздө биримдиктин, ынтымактын орношу үчүн керектигин таптакыр түшүнө алышпады. Ал эми Садыр Жапаров болсо көпчүлүктү, арасында мени да таңгалдырып, мамлекеттик деңгээлде иш алып барган жетекчи катары өзүн көрсөтө алды.

-- Сиз Садыр Жапаровдун саясатына, иш-аракетине өзгөргөн пикириңизди “принципиалдуу эмес” деп жатасыз. Себептерине токтолсоңуз?

-- Тилекке каршы, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөн жок. Ырас, Садыр Жапаров Убактылуу өкмөт 2010-2020-жылдары орноткон аты «парламенттик», заты чакчелекей, «анархиялык», коррупцияны гүлдөткөн мамлекеттик башкаруу системасына чекит коё алды. Бирок, «аңгектен качсаң дөңгөккө» дегендей, соңку эки жылда орнотулган неофеодалдык мамлекеттик башкаруу системасы да өнүгүү, коррупциядан арылуу көйгөй маселелерин натыйжалуу чече албасын өткөн мезгил таамай тастыктап берди го?!

-- Ал кандай көйгөй маселелер?

-- Cадыр Жапаровдун учурдагы өкмөтүн «эгемен Кыргызстандын 32 жылдык тарыхындагы эң чабал өкмөт» десем жаңылбасам керек. Болгон программасы, акыл-эси, иш аракети салык чогултууга, айлык көтөрүүгө гана жеткен өкмөт жөнүндө башка кандай баа айтсак болот? Фактыларды тизмектеп отурбайлы. Жалпы айтсак, соңку эки жылда кымбатчылык кара тумоодой каптап, жакырчылык калың элдин шайын оодарып салды. Бул темп менен кете берсек, анда президенттин мөөнөтү бүткөн чакта СССР ыдыраган 90-жылдардагы оор турмушка кайра кайтып келебиз го? Соңку эки жылда коррупция азайбастан, тескерисинче, кулачын кеңири жайды. Эгер 2020-жылы дүйнөлүк рейтингде 124-орунда болсок, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 140-орунга түшүп калдык. Улуттук коопсуздук кызматы тынымсыз, күн сайын коррупционерлерди кармап, камап жатат. Бирок өлкөдө коррупциянын тамыры жулунбаса, анда жакынкы жылдары Убактылуу өкмөттүн рекордуна кайра келебиз (164-орун). Ошондой эле, мамлекеттин кадр саясаты мурда болуп көрбөгөндөй деградацияга тушукту. Президент айланасына билим, тажрыйбасы жетишсиз, чабал жетекчилердин «армиясын» топтоп алганын айта берип коомчулуктун тили жешилди. 

-- Ошондо Садыр Жапаров кандай чечимдерге, кадамдарга барышы керек?

-- Учурда анда эки ачакей жол турат. Биринчиси, аны тегеректеп алышкан кошоматчылардын «сонун иштер болууда, өлкө мыкты өнүгүп, элдин жашоо-турмушу оңолуп жатат» деген таттуу сөз, жомокторун угуп, аларга ишенип, убакыт өткөрө берүү. Экинчиси, коомчулуктун үмүтүнө, күтүүсүнө жооп кылып, жаңыланган саясат, жигердүү иш-аракеттерге өтүү. Тандоо Садыр Жапаровдун өз колунда.

-- Сиз кандай сунуш берет элеңиз?

-- Чечүүчү позицияда турушкан кадрлардын үчтөн экисин алмаштырып, жаңы командага конкреттүү, олуттуу программа даярдатып, күжүрмөн ишке салса жакшы болот эле. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай чечим, кадам «перезагрузка» деген ат менен белгилүү. Мисалы, орус президенти Путин 2020-жылы өнүгүү темпинен артта калып келаткан өкмөтүн кетирип, демилгечил жана иштерман жетекчи Михаил Мишустинди премьер-министр кылып дайындап, прогрессивдүү жаңы өкмөт түзгөнү туура демилге, алгылыктуу кадам болгонун өткөн үч жыл тастыктап койду. Демек, Садыр Жапаров да бир «силкинип», терең ойлонулган, дараметтүү ачылышка барса (!) деп үмүт кылып туралы.

Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости