www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Президент ал системаны сактап турууга эмне үчүн кызыкдар деп ойлоп жатасыз? Эмне себептен жоопкерчиликтүү (парламенттик же президенттик) башкарууга өтүүнү каалабайт, деп сындап жаткандар да көп болууда.

— Сооронбай Жээнбеков — консерватор лидер. Ошол сапаты менен жети эмес, «жетимиш өлчөп бир кесип» иштеп, совхоздун директорунан өлкөнүн президенттигине жетти. Мындай типтеги лидерлер өнүккөн өлкөлөрдө жогору бааланат. Мисалы, Улуу Британияда көбүнесе консерваторлор партиясы бийликте. Консерватор лидер төңкөрүшчү лидерден (мисалы Атамбаевден) төөчөлүк өйдө. Бирок Кыргызстанга окшогон проблемасы чачтан көп, карыз, жакыр өлкөдө лидерде реформаторлук эрк, сапаттар болушу зарыл. Бул мезгилдин талабы деп билем. Биздин өлкө, Жээнбеков өзү моюндагандай, учурда туңгуюкта. Президенттин эки жылдык жан үрөгөн аракети өлкөнү оңолуу, өнүгүү жолуна салууга далаалат гана кылууда. Атамбаевдин бузуку, арамза көчү, эмнегедир дагы эле уланууда деген сын пикирлерге кошулам.

— Баштагы президент Алмаз Атамбаев баштаган «көчтү» окурман журтуна тактап, чечмелеп берсеңиз жакшы болот эле?

— Биринчи. Кыргызстанда жоопкерсиз, анархиялык мамлекеттик түзүлүш, башкаруу дагы эле оң жолго түшпөй келаткандай көрүнөт. Формалдуу түрдө, Башмыйзамга ылайык, мамлекеттин башкы жетекчилиги — «чимкириктер» (Атамбаевдин аныктамасы). Мисалы, Европада кайсы бир парламент андай атка консо бир күн турат беле? Ал эми анархиялык Кыргызстанда бары бир. Укуктары президенттикинен көп премьер–министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жээнбековго отчет берип, тил угуп жүрөт. «Парламенттик өлкө» деп сүрөттөлгөн Кыргызстанда президент коррупция менен күрөшүп, инвестиция тартуу менен алектенип, укуктук–сот реформасын жүргүзүүнү талап кылып жатат. Мунун баары Атамбаевдин көчү деген сындар айтылууда..

Экинчи. Атамбаевдин кыргыз элине башкы кастык иши — бул мамлекеттик бийликти узурпациялоо болгон. Ага президенттик так аздык кылып, парламентти «арзымат», өкмөттү «чөнтөк», укук-сот органдарын «баш кесер» кылууга жетишкен. Шайлоодо кайсы партиялар жеңип келишин, кимдер депутат болуп келээрин өзү чечкен. Эми эмне, соңку эки жылда өзгөрүү болдубу? Мына учурда, бизге жеткен маалыматка таянсак, күзүндө өтчү парламенттик шайлоого азыркы бийлик үч партияны сүрөөгө кызуу киришти деген кептер эл арасында көп айтыла баштады. Жөн жерден эле сөз айтыла бермек беле. Кандайдыр бир чындыгы бар да. Мындай учурда элдин оозун тыйып салууга мүмкүн эмес.

Биринчиси — бул «Биримдик» партиясы. Ага президенттин эң жакын, ишенимдүү адамдары киришээри айтылууда.

Экинчиси — «Мекеним Кыргызстан» партиясы. Сүрөөнчүсү Раим Матраимов экени ачык эле айтылып келүүдө. Бул эки партия «түштүктүк» деп эсептелгендиктен регионалдык баланс үчүн «Кыргызстан» партиясы да колдоого алынмакчы. Артында алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов. Эгер Сооронбай Жээнбеков көшөгө артында Атамбаевдин арамза жолун улап, бул аракеттерге «добро» бергени чын болсо, түбү жакшылыкка алып келбейт.

Үчүнчү. Мамлекеттик кадр кызматын Атамбаев тыптыйпыл талкалап кетпедиби. Өлкөнү шоопур, жансакчы, секретарша, завхоз, жардамчылары башкарышып, алар мончо, чайкана, базар ээлерин ээрчите келишип, сайран курушкан. Эми соңку эки жылда кадр кызматында «өзгөрүү болду» деп ким айта алат? Эч ачыктык жок, кесипкөй, иштерман кадрлар дагы эле мамкызматка орношо алышпайт. Атамбаевдин кадрларынын орундарын бийликтин бутактарында, өкмөттө «куда-сөөк», «таяке-жээн», «өкүл бала-бажа» дегендер ээлеп алышканы боюнча коомчулукта уу-дуу кеп токтобой келет. Демек, коёндой окшош сценарийлер. Атамбаевдин көчү уланууда деген эл арасындагы сөздөрдүн чындыгы бардай.

— Экономикалык, саясый туңгуюктан чыгаар түрүбүз барбы? Анда ошол алты жыл мурдагы сунуштарды «сандыктан» алып чыксаңыз…

— Алгач учурдагы Кыргызстанга окшоп туңгуюкка кептелген, бирок андан чыгып, өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына көңүл бөлгөнүбүз оң. Алардан сабак алышыбыз керек. Тарыхты барактап, бир нече мисалды көрөлү.

Россия, 1917-жыл. Орус монархиясынын күнү батып, мамлекет бийлиги, Ленин айткандай, «балчыкта жаткан». Кырдаалдан пайдаланып, большевиктер бийликти алышат. Ооба, алар кийин «коллективизация», «чистка» саясаты менен миллиондогон дыйкан, интеллигенция каймагын кырып салышты. Бирок, темирдей тартип орнотуп, илим-билимди өркүндөтүп, натыйжасы зор «индустриялоо» саясатын жүргүзүп, армияны чыңдап, дүйнөлүк ири державаны — СССРди кура алышты. Сабак, Россияны кризистен системаны түп-тамырынан өзгөрткөн күчтүү партия жана анын көсөм жетекчилери (Ленин, Сталин) сууруп чыгышкан.

Түркия, 1923-жыл. Түрк республикасы түзүлүп, анын тунгуч президенти болуп Кемал Ататүрк шайланат.

Ал өлкөнү Батышка ачып, байланышты өркүндөтүп, караңгы мусулман империянын ордуна илим-билимге, жаңыга баш койгон светтик мамлекет курган. Сабак, түрк элин мыкты лидер системаны түп-тамыры менен өзгөртүп, прогрессивдүү иш-аракеттери менен туңгуюктан алып чыккан.

АКШ, 1929-жыл. Өлкөнү ири гангстерлик бандалар башкарып турган. «Жапайырынок» өкүм сүргөн. Шишик бир күндө жарылып («черный вторник»), капитализм дүйнөсүн алаамат каптайт. «Улуу депрессия» атыккан мезгилдин биринчи эле жылында АКШ, Европада өндүрүш 40 пайызга азайып, 300 миллион адам жумушсуз калган. СССРдин өйдөлөп жатканын көрүп, элде социализмге өтүү маанайы күчөгөн. Мындай шартта Франклин Рузвельт президент болуп шайланат. Экс-президент Герберт Гувер «менин жолумдан тайба» деп абдан суранат. Бирок Рузвельт баш тартып, «жаңы багыт» саясатына бет алган. Ал көптөгөн чечкиндүү иштерди жасаган. Миллиондогон жаңы жумуш орундарын түзгөн. Сабак, АКШда система (капитализм) сакталып, чыңдалып, улуттук лидердин акылмандыгы менен туңгуюктан чыгышкан.

Франция, 1958-жыл. Өлкө 1945-жылы, согуштан кийин, парламенттик башкарууга өткөн. Партиялар тынымсыз кармашып, өкмөт бат-бат алмашып турат. Акыры Франция ири кризиске кептелет. Айласы түгөнгөн президент Р. Коти он үч жылдан бери айылда жашап жүргөн генерал де Голлго өкмөттү жетектөөнү суранат. Генерал макул болот, бирок партиялык башкарууну жек көргөндүктөн парламентке баруудан баш тартат, «заочно» бекитилет. Де Голль дароо жаңы Башмыйзамды кабыл алдырып, президенттик башкаруу киргизет. Парламентти таркатып, өзү президент болуп шайланат. Ал өлкөнү кризистен толук чыгарган. Сабак, Франциядагы ийгилик улуттук лидердин эрки, көрөгөчтүгү жана башкаруу системаны толук алмашуу менен жетишилген.

Сингапур, 1965-жыл. Бул жылы эркиндик алган өлкөнүн башында премьер-министр Ли Куан Ю турган. Калкы билимсиз, жакыр өлкө болчу. Ли Куан Ю темирдей тартип орнотуп, эркин ишкерликке кеңири жол ачкан. Ал саясатка каршы коммунисттерди бир нече жыл түрмөдө кармаган. Коммунисттердин жолбашчысы Лим Чин Сион түрмөдө асынып өлгөн. Ли Куан Юнун жетекчилигинде өлкө дүркүрөп өскөн. Сабак, Сингапур гений лидердин, прогрессивдүү партиянын, анык парламенттик системанын ири реформалары менен үчүнчү дүйнөдөн биринчи дүйнөгө чоң секирик жасаган.

Чили, 1973-жыл. Үч жылдан бери социализм куруу аракети жүрүп, өлкө кризиске кептелген. Элдин жашоосу оорлоп, бюджетти дефолттон СССР сактап келген. Бирок, президент С. Альенде «алган багытыбыз туура, жакшы иштер жасалууда, мыкты өлкө курабыз» деп турган. Чилиде абалды туура баамдаган аскер жетекчилери генерал Пиночетти лидер кылып, төңкөрүш жасоону чечишет. Башка арга калбаган. Альенденин жактоочулары (гвардиясы, кошууну) бар болчу. Өзү кармашка даяр экенин жарыялап турган. Кандуу төңкөрүштө Альенде жана үч миң адам курман болот. Пиночет бийликти алып, күчтүү тартип орнотуп, рынок экономикасына жол ачкан. Чилини өнүккөн өлкөгө айланткан. Чилидеги өзгөрүү — аскер жетекчилеринин жана алардын эрки темир лидеринин аракетинин натыйжасы.

Иран, 1979-жыл. Монархиялык башкаруу ирип-чириген. Өлкөдөгү абал кудум азыркы Кыргызстандагыдай болгон. Тартипсиздик, жакырчылык, ысырапчылык, коомдо ыйман талкаланган. Жагдайды түшүнгөн ислам диний жетекчилиги жаштардын жардамы менен «ислам революциясын» жүзөгө ашырышты. Президенттик башкаруу орнотулду. Батыштын идеологиясы түп-тамырынан кыркылды. Иранда андан бери наркотик, ичкилик, сойкулук, адепсиздик жок. Батыштын кысымына туруштук берип, ал гана эмес атом энергиясын өздөштүрүп келүүдө. Ирандагы өзгөрүү — өлкөнүн башкаруу системасын, элдин жашоо образын толук алмаштыруунун натыйжасы. Албетте, Кыргызстанга ислам мамлекетин куруу келечексиз, бирок Ирандан сабак алганыбыз оң.

Грузия, 2004-жылы 4-январда президент болуп Михаил Саакашвили шайланат. Ага чейин өлкөнү «мыйзамдагы уурулар» башкарып турушкан. Саакашвили аларды аёосуз талкалап жок кылат. Грузиядагы реформалар дүйнөгө кеңири белгилүү. Натыйжасын Кыргызстан менен салыштырып көрөлү. Ички дүң продукция 2003-жылга эки өлкөдө 2–4 млрд доллардын чегинде болуп, Грузияда 1,5 млрд көбүрөөк эле. Ал эми 2019-жыл жыйынтыгы боюнча ал айырма дээрлик 20 млрд долларга жетти. Коррупция деңгээлин да көрөлү. «Транспаренси Интернешнл» уюмунун дүйнөлүк рейтинги боюнча 2003-жылы Кыргызстан 116-орунда, Грузия артта, 125-орунда турган. Ал эми 2019-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан 128-орунга төмөн түшүп кеткен, Грузия 46-орунда. Кандай укмуш айырма! Сабак, Грузиядагы секирик — бул прогрессивдүү лидердин жана мыкты команданын чечкиндүү иш-аракетинин натыйжасы.

Кыргызстан, 2010–20-жылдар. Бул мезгилде орнотулуп, иштеп жаткан анархиялык мамлекеттик системага таамай аныктаманы Тоң районунун жараны М. Абылов берген «кыргызда азыр башкаруу сансыз көп. Айыл башчысынан баштап, өкмөт, президент, депутат баары башкарат. Жооп берген эч ким жок. Карапайым эл кимисине баш ийип, кимисине кайрылууну билбейт. Кыргыз мамлекети кайда баратат, белгисиз. Дөңгөлөк тескери тегеренип баратат» («Алиби», 22.03.2013-ж.).

— Азыркы өлкө башчысына түз айта турган кандай кеңешиңиз бар?

— Эми, мен айта турган сунушка келсек. Президент Сооронбай Жээнбековдо учурда Атамбаевдин көчүнөн баш тартууга үч эле ай (жаз айлары) калды. Андан кечиксе анархиялык системанын парламенттик шайлоосунан баш тарта албай калат. Ал «көч» улана берсе, өлкөдө эч кандай реформа жүрбөсө, өлкө башчысы Атамбаевдин тагдырын кайталап калышы ыктымал деп сын айткандар көбөйүүдө. Демек, тезинен Конституциялык кеңешме түзүп, жаңы Башмыйзамды кабыл алып, анархиядан баш тартып, жоопкерчилүктүү мамлекеттик башкаруу системасына (парламенттик же президенттик) өтүү зарыл.

— Бир нече жолу Башмыйзамды өзгөртүп, улам кургуйга түшүп, элдин көңүлү калды. Эми «Башмыйзам мыкты болот» деп ким кепилдик берет?

— Эки кепилдикти көрүп турам. Биринчиси, Жээнбеков элге ак кызмат өтөө ниети бар инсан. Экинчиси, өткөн мезгилде топтолгон бай оң-терс тажрыйба. Башмыйзам боюнча өз пикири бар, интеллекти бийик инсандардын жетиштүү тобу бар экени белгилүү да. Алар — ЖК экс-төрагалары Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев, Алманбет Матубраимов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, белгилүү саясий, коомдук ишмерлер Жумагул Сааданбеков, Исмаил Исаков, Нурмамбет Токтоматов, Феликс Кулов, Бейшенбек Болотбеков, Эркин Булекбаев, Замирбек Эсенаманов, Камчыбек Ташиев, Жолборс Жоробеков, Кубатбек Байболов, Курманбек Осмонов, Расул Умбеталиев, Бегалы Наргозуев, Каныбек Осмоналиев, Марат Иманкулов, Орозбек Молдалиев, Равшан Сабиров, Турат Акимов, Максат Мамытканов, юристтер Клара Сооронкулова, Курманкул Зулушев, Бекбосун Бөрүбашев, Медербек Сатыев жана башкалардын пикирлерин да угуп койсо жакшы болмок.

— Парламенттик же президенттик башкарууга өтүү боюнча референдумду күздөгү шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушу айтылып жатпайбы. Бул шайлоо менен референдумга кетүүчү каражатты үнөмдөөбү же бир ок менен эки коёнду атып ала турган саясый оюнбу?

— Өтө кесепеттүү сунуш. Күздөгү шайлоодон соң депутаттар анархиялык системанын өкүлдөрү болуп келишет. Ал эми кабыл алынган Башмыйзам парламенттик же президенттик башкарууну камтыйт. Ал карама-каршылыкты жоюу үчүн жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы келип чыгат. «Өлөсөлүү өлкөгө» ошол керекпи?

— Башмыйзам боюнча референдум жакында өтсө, анда «Жээнбеков дагы бир мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк алат» дегендер да четинен чыгууда…

— Бул кооптонууга негиз жок. Жээнбеков ал жолго түшпөйт. «Түшөм» десе да кыргыз эли ал кадамга бардырбайт деген ойдомун.

— Азыр айрым саясатчылар шайлоо кодексин гана талкууга алышып, «партиялар үчүн шайлоо босогосун үч пайызга түшүрсөк эле баары ордуна келет» деп жатышпайбы?

— Ал демилге ишке ашса, анда өткөн кылымдын башындагы орус анархисттери көрдөн туруп келишип, демилгечилердин колдорун өбүшөт го. Элестетсеңиз, азыркы парламенттеги алты партия ызы-чуудан арылбай жатса, анда келээркидеги парламентте он-он беш партиялар тытышып, чачташып жатканын. Даана «цирк» болот да. Парламенттик өлкөгө кеминде жети пайыз босого керек. Президенттик өлкөдө үч пайызга түшсө болот. Ал эми биздей анархиялык өлкөгө босогонун принципиалдуу мааниси жок. Кийинки парламент да «арзымат» бойдон кала берет.

— Сиз өткөн жылы абактан чыкканда маек берип «президент Сооронбай Жээнбековдун алдында үч оор маселе турат» деген элеңиз. Бирок, Сооронбай Жээнбеков баарын аткарууда, мисалы мурдагы казак президенти Назарбаевдей же өзбек президенти Мирзиёевдей «супер президент» эмес да. Биринчиси, коррупция маселесине жогоруда токтолдук. Экинчиси инвестиция тартуу, үчүнчүсү укуктук–сот реформасын жүргүзүү иш–аракеттери боюнча эмне айта аласыз?

— Өткөн жылы президент жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада, Кытайдан 7 млрд, Россиядан 6 млрд, Франциядан 1 млрд доллар тикелей инвестиция келээри жарыяланган. Тилекке каршы, алардын карааны көрүнбөй жаткансыйт. Кыясы алар тилек боюнча калат окшойт. Ал эми укуктук-сот реформасы ордунан түк козголбогонун президент өзү жакындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында тастыктады. Ал реформанын ишке ашуусуна эч ким деле ишенбейт. Башканы коёлу, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева анархиялык өлкөдө соттордун эч оңолбосуна көзү жетип, «уялам» деп чындыкты ачык моюнуна алды. Атамбаев мураска калтырган сот системасына депутат Рыскелди Момбеков таамай диагноз койгон «элдин токсон пайызы сотторго ишенбейт» деп. Демек, чыныгы сот реформасын жүргүзүүнү каалаган болсо, анда Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенде эле сотторду жүз пайыз бошотуп, таза жана адилет иштеген он пайызын алып калып, ошолорго таянып иш алып барышы зарыл эле. Эми кеч болуп калды. Анархиялык системанын кучагынан чыга албаган бул бийлик калган төрт жыл мөөнөтүндө жарытылуу инвестиция тартып келе албасын, олуттуу укуктук-сот реформасын жүзөгө ашыра албасын канчалык эртерээк түшүнсө ошончолук өзү үчүн да, өлкө үчүн да пайдалуу болмок. Акыркы Коопсуздук кеңешинде Жээнбеков чечкиндүү сүйлөгөндөй, өзү айткан иштерди баштап, аягына чыгарыш керек.

— Президент Жээнбеков чыныгы эл урматтаган өлкө башчысы катары тарыхта калыш үчүн дагы кандай чечкиндүү кадамдарга баруусу керек деп ойлойсуз?

— Эгер Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин коррупциялык иштеринин бетин ачып гана тим болбостон, анын мафиялык бандасынан эле баш тартпай, Ал баштаган «көчүнөн» да чечкиндүү баш тартып, жаңы мамлекеттик системаны кура алса эле тарыхта өз атын калтыра алат деген ишенимдемин. Устатынан айырмаланып, азыркы президентибиз коомчулуктун үнүн, ачуу чындыкты угуп, терең ойлонуп, жыйынтык чыгараар деп үмүт артып туралы

Маектешкен: Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы Ордо” 

Последние новости