www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү жашоочу А.Б. арыз менен кайрылып, 2019-жылдын май айында “Хенгим” аттуу эркек киши арыздануучунун ишенимине кирип, ири компаниялардын бирине жумушка орноштурууга убада кылып, алдоо жолу менен арыздануучудан 3000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин акчасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы жарандын өздүгүн аныктоо жана кармоо үчүн бир катар иш-чаралар уюштурулуп, жыйынтыгында шектүү катары 27 жаштагы Х.Х. аттуу жаран кармалган.

Учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Андыктан кимде-ким аталган жарандын алдамчылык аракетинен жабыркагандар болсо, Сокулук районунун ИИБнө кайрылсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости